Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды

© Фото / Чынара АпиеваКомплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова
Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала жыйынтыгына караганда, мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгүндө бир топ кемчиликтер табылган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейге директордун милдетин аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка Сокулук райондук билим берүү башкармалыгында кол коюлду. Музаева буга чейин №5 гимназияны жетектеген.

"Ушул тапта укук коргоо органдары мектепти колдоо максатында түзүлгөн коомдук бирикмени текшерип жатат. Иликтөө учурунда директор Диляра Абдуллаева кызматтан четтетилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Новопавловкадагы чуулуу лицейге жылына бюджеттен 48,8 млн. сом бөлүнөт
Министрликтен билдиришкендей, комиссиянын текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгүндө олуттуу мыйзам бузуулар табылган. Тагыраак айтканда, акы төлөнүүчү кошумча сабактар, ысык тамак берүү, биргелешип иштөө жана ата-энелер менен иш алып барууда кемчиликтер кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрмөкчү.

Эскерте кетсек, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат ала албаганына нааразы болуп келишет. Алар фондго чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан. Кийин аталган лицейди прокуратура, Финпол текшерип, директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0