Новопавловка мектебиндеги чуудан кийин директор алмаштыбы? Министрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан благодарственным письмом Минобрнауки КР
Награждение информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан благодарственным письмом Минобрнауки КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган лицейди прокуратура, Финпол текшерип, директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейге директордун милдетин аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Умаралиева билдирди.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогулткан мектептин директору иштен четтетилди
Эскерте кетсек, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат ала албаганына нааразы болуп келишет. Алар фондго чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан. Кийин аталган лицейди прокуратура, Финпол текшерип, директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

Умаралиеванын айтымында, Элнура Музаеваны коллективге билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева тааныштырды.

"Анын кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту көргөн жокпуз. Музаеваны мектепке алып келишти. Бирок азырынча бардыгы сөз менен айтылып жатат. Ал мурда №5 гимназиянын директору болчу. Эмне себептен мындай болгонун түшүнгөн жокпуз. Анткени бизде ага чейин эле директордун милдетин аткаруучу болуп Елена Пичуревич дайындалган", — деди Умаралиева.

Министр Кудайбердиева Sputnik агенттигинин кабарчысына Музаеваны дайындоо боюнча маселе чечиле электигин айтты.

Ата-энелеринин айтымында, кадрдык маселелер боюнча мектепте саат 12.00дөн бери жыйын өтүп, ага министр Г. Кудайбердиева катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0