Тоо-таш душмандыкы эмес! Жаратылышта эс алуу боюнча 7 кеңеш

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOФестиваль "Этно Фест" в селе Тон
Фестиваль Этно Фест в селе Тон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта көпчүлүк мангал, шишин дайындап алып, жаратылыш койнунда шишкебек жегиси келип калган кез.

Таза аба, арчанын жыты, шылдырап аккан суу, чокко какталган эт жана көңүлгө жакын адамдар... Эх, мындай эс алууга не жетсин?

Бирок кээде өзүбүз эс алганыбыз менен жаратылыштын эсин оодарып кетебиз. Ой келди жерде от жагылып, жердин баары желим бөтөлкө болуп калат.

Канткенде өзүбүз чер дагы жазып, жаратылышка дагы зыян келтирбейбиз?

Sputnik Кыргызстандын окурмандарына жаратылышта эс алуу маданияты боюнча этикет мугалими Нуржан Исмаилова кеңеш берди.

Тоо-таш душмандыкы эмес, биздики!

Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол — подиум эмес, ылдам бас! Көчө этикети боюнча 10 кеңеш
Бир нерсеге же кимдир бирөөгө маданияттуу, аяр мамиле кылыш үчүн, анын канчалык маанилүү экенин түшүнүшүбүз керек.

Күнүмдүк оокаттан, шаардын кымгуут турмушунан тажаганда жаратылыш койнуна качып барабыз. Ошол жерден мээ сергитип, энергия топтойбуз. Бизге бул нерсе бүгүн эле эмес, көп жылдар бою керек. Биз эле эмес балдарыбызга дагы. Андыктан бир тал чыбык сындырып же сыранын бөтөлкөсүн ичкен жерге таштаардан мурда ар бир адам өзүнө "муну менин артымдан ким тазалап, жаратылышты калыбына келтирип берет?" деген суроо бериши керек.

От

От жагыш керек болсо, мурда жагылган жерди издеп көрүңүз. Табылбаса, ыңгайлуураак жай таап, бир аз чуңкур кылып казып алыңыз. Муну менен оттун кокустан жайылып кетүүсүнөн сактайсыз. Экинчиден, күйүп жаткан отту кароосуз таштап басып кетпеңиз. Бак-шактуу жер болсо заматта өрт чыгып кетиши мүмкүн. Кетип жатканда чогун калтырбай өчүрүп кетиңиз.

Таштанды

Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш
Эс алууга эмне көтөрүп келсеңиз, эч нерсени калтырбай кайра алып кетиңиз. Сизден калган нерсенин жаратылышка бир тыйынча пайдасы жок. Мисалы, адистер желим бөтөлкө 500 жылдан тарта 1000 жылга чейин чирий турганын айтат. Демек, жаратылыш койнунда калган бир бөтөлкө сиздин чөбөрө, кыбыраңыз жашап өткүчө ошол жерде жатканы жаткан.

Ал эми тамактын калдыгы, кабык сыяктуу нерселерди, албетте, бир жерге төгүп койсо болот. Алар бат чирийт эмеспи. Бирок эртең ошол жерге башка бирөө барып калса, сизди туурап, башка нерселерди калтырып кетиши мүмкүн.

Суу

Эч качан арык же көлмөгө жуунуп же идиш-аяк жууй көрбөңүз. Аны сизден башка кишилер дагы колдонорун айтпаганда дагы суунун өзүндө жандыктар бар, тегерегиндеги жаныбарлар ичет дегендей. Андан көрө чакага сузуп алып, жуучуңузду жээкке жууңуз, башкаларга жаман көрүнбөй.

Тынчтык

Албетте, чер жаза күлүп, обон созгубуз келет. Бирок айланадагыларга тоскоол болбоңуз. Алар дагы атайын убакыт бөлүп, мээ сергители деп келишкен.

Бала

Жаратылышка чыгарда балага сөзсүз түрдө "сабак" өтүңүз. Анткени табият менен таттуу мамиле бала кезден калыптанат. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы, жакшы сакталышы адам баласынын жашоосуна, ден соолугуна канчалык пайдалуу экенин айтыңыз.

Сак болуңуз

Жаратылыш койнунда жакындарга, өзгөчө балдарга сак болгула. Анткени эс алууга барып, баласын жоготуп же жакыны сууга чөгүп кеткен мисалдар аз эмес. Баса, ашыкча ичимдиктин дагы пайдасы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0