Кишинин эмоциясы анын жашоосунун узактыгына таасир берет

Жазылуу
Изилдөөчүлөр 59дан 93 жашка чейинки 200 кишинин өмүрүнө саресеп жасашкан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Канаданын Конкордия университетинин окумуштуулары эмоция улгайган адамдардын өмүрүнүн узактыгына таасир бере турганын аныкташты. Бул тууралуу Psychology and Aging журналына чыккан макалада айтылат.

Изилдөөчүлөр Монреаль шаарындагы 59дан 93 жашка чейинки 200 кишинин өмүрүнө саресеп жасашкан. Аны менен катар алардын канынын анализин алып, канчалык көңүлү чөгө турганын да сурамжылашкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, ыгы жок жинденген улгайгандардын өнөкөт оорулары күчөп, өлүмгө эрте жетелей турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0