07:42 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча облустук турнир болуп өттү

Жалал-Абадда журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган турнир өттү

© Фото / Кыялбек Ильяз уулу
Коом
Кыскача шилтеме алуу
29910

Мелдешке облустун ар тарабынан чогулган 100гө жакын спортчу катышып күчүн сынады.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча облустук турнир болуп өттү.

  • В Джалал-Абадской области состоялся турнир по панкратиону, посвященный памяти журналиста международного информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Исмаила Мамытова
    Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча облустук турнир болуп өттү
    © Фото / Кыялбек Ильяз уулу
  • В Джалал-Абадской области состоялся турнир по панкратиону, посвященный памяти журналиста международного информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Исмаила Мамытова
    Мелдешти Исмаилдин досу, мушкер Кыялбек Ильяз уулу уюштуруп, кичи мекени Аксы районунун Мукур айылында 9-май күнү өткөрдү
    © Фото / Кыялбек Ильяз уулу
  • В Джалал-Абадской области состоялся турнир по панкратиону, посвященный памяти журналиста международного информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Исмаила Мамытова
    Ага облустун ар тарабынан чогулган 100гө жакын спортчу катышып күчүн сынады
    © Фото / Кыялбек Ильяз уулу
  • В Джалал-Абадской области состоялся турнир по панкратиону, посвященный памяти журналиста международного информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Исмаила Мамытова
    Ал эми негизги төрт беттешке Ош менен Бишкек шаарларынан барган мушкерлер да катышты.
    © Фото / Кыялбек Ильяз уулу
1 / 4
© Фото / Кыялбек Ильяз уулу
Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча облустук турнир болуп өттү

Мелдешти Исмаилдин досу, мушкер Кыялбек Ильяз уулу уюштуруп, кичи мекени Аксы районунун Мукур айылында 9-май күнү өткөрдү. Ага облустун ар тарабынан чогулган 100гө жакын спортчу катышып күчүн сынады. Ал эми негизги төрт беттешке Ош менен Бишкек шаарларынан барган мушкерлер да катышты.

Иш-чараны Исмаил Мамытовдун атасы Осмонбек Абылкасымов жана бир туугандары келип ачып берди.

"Мен панкратионго барып жүргөндө Исмаил колдоп-коштоп жанымда жүрчү. Ал өзү каратэ менен машыгып, Жалал-Абаддагы турнирлерге катышып калар эле. Соңку жылдары улантам деп жүргөн. Көзү тирүүсүндө облуста жылына ушундай турнирлерди уюштуруп, жаштарды спортко тарталы деп ниет кылган элек. Былтыр күздө грэпплинг боюнча облустук турнирге келем деп жүргөн. Бирок көзү өтүп кетти. Ал турнирди Исмаилдин жаркын элесине арнап өткөргөнбүз", — деди Кыялбек уулу.

Ошондой эле ал турнирде 14 салмак категориясы боюнча 30дан 93 килограммга чейинки мушкерлер күч сынашканын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Исмаил Мамытов 2018-жылдын 19-июлунда дарттан улам ооруканада көз жумган. Ал коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү чагылдырып, бир топ сыйлыктарга, мактоо баракчаларына ээ болгон. Журналистикадан сырткары спорт менен машыгып жүрчү. Исмаил Мамытов үйлөнгөнүнө эки жума болгондон кийин 25 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Тема боюнча

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери өкмөттүк сыйлык менен сыйланды
Жалал-Абадда журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган турнир өттү
Белгилер:
Спорт, мелдеш, турнир, панкратион, Исмаил Мамытов, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ