12:14 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Фантаст жазуучу, акын Беганас Сартовдун карындашы Сабида Сартова

Беш жашында карышкырга тап берип... "Ак жылдыз" Беганас Сартов тууралуу маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
971 0 0

Беганас Сартовдун жазган ар бир чыгармасы бир дем менен окулса, өмүр жолу андан да кызыктуу, андан да сырдуу сезилет. "Жылдыздар балладасы", "Ааламдан адашкандар", "Мамыры гүлдөгөн маалда", "Эридиана" китептеринин автору, фантаст жазуучу, акын Беганас Сартовду карындашы Сабида Сартова эскерди.

9-классында үй курган жазуучу көзү тирүү болгондо быйыл 74 жашка чыкмак.

Кыргызский писатель-фантаст, поэт Беганас Сартов
© Фото / из личного архива Сабиды Сартовой
Фантаст жазуучу, акын Беганас Сартов

— Беганас Сартовдун ысымы өзгөчө. Жазуучунун чыгармачылыгынан кеп кылардан мурда атынын тарыхына токтоло кетсеңиз...

— Агам 1945-жылдын 15-августунда Чүй боорунда төрөлгөн. Атам Соң-Көлдүн кулуну, апам Сары-Өзөндүн кызы болгондуктан ушул жакта туруп калышкан экен. Беганас деген ысым кыргыздарда байкемдин атынан кийин пайда болду окшойт. Өзгөчө ысым ыйгарылган жазуучунун аты эле эмес, төрөлүшүнөн баштап кыска, бирок нускалуу сүргөн өмүрү да кадимки адамдардан айырмаланып тургандай.

Агам төрөлүп, үйгө коңшулар келгенде 90 жаш чамасындагы бир чечен байбиче басып келип "баланын атын мен коёюн" дептир. Улуу адамдын мындай сунушуна баары макул болушуптур. "Аты Беганас болсун, бул "ак жылдыз" дегенди түшүндүрөт. Уулуң чоңойгондо ааламды жазган атактуу жазуучу болот" деп айткан экен. Ал кемпир согуш убагында Чүйгө келип туруп калган экен. Элге деле көп аралашпаган байбиченин өзү келип ымыркайга ысым ыйгарышын агамдын фантастикалык жанрдагы жазуучу болуп чыга келишине байланыштырып жүрүштү.

Сестра писателя-фантаста Беганаса Сартова Сабида Сартова
© Sputnik / Асель Акматалиева
Беганас Сартовдун карындашы Сабида Сартова

— Агаңыз төрөлгөндө эле сырдуу окуяларга күбө болгон тура. Ал эми бала чагында кандай уул болду экен?

— Ата-энем, бир туугандарым агамды эстегенде алгач эле анын токтоолугун, эч нерседен коркпогон тайманбастыгын жана чоң кишилердей болуп чечимди бат кабыл алып, ой жүгүрткөндүгүн айтышар эле.

Согуштан кийинки жылдар, каатчылык. Ата-энем малчы болгондуктан көчүп-конуп жүрүшкөн. Агам беш жашка чыкканда адаттагыдай эле Суусамырга көчүп жөнөшөт. Апам эмчектеги баласын алдына алып, андан улуурагын атам өңөрүп, мал менен кетип баратышыптыр. Ал эми Беганас байкемди өзүнчө бир атка мингизишиптир. Кадыресе чоң кишидей ээрге бекем отуруп, атты чү-чүлөп жолго чыгыптыр. Бийик аскалардын арасынан өтүп баратканда алдынан ит чыга калып ат үркүп кетет. Байкемди ала качкан атты көргөндө апам өзүн жоготуп эле алдындагы ымыркайын жерге кое салып, артынан жүгүрүп жөнөптүр. Бир топ барган соң бийик тоолор бүтүп, шагылдуу жылгада ат турат дейт. Жанында агам буту-колун сунуп эле уктап жаткандай. Коркуп калган апам бетин алаканы менен жаап, шагыл менен сыйгаланып баласына чуркаптыр. Күрүлдөп кулаган таштан ойгонуп кеткен бала эч нерсе болбогондой жылмайып тура калган дечү. Бутунда жаңы алып кийгизген өтүгүнүн тамтыгы кетип айрылган. Мындай бийик жерден аттан кулаган балам кантип эч жери эч нерсе болгон эмес деп, апам кийин деле жакасын карманып эстеп калчу.

Ошондон көп өтпөй эле атамды колхоздун жумуштары менен жакага чакырып калышат. Мал түйшүгү бир түнгө эмчектеги баласы менен апама, анан беш жаштагы Беганас байкеме калган экен. Жапыз там, ар жеринен ураган мал сарайда койлор, аларды кайтарып агамдын жандай досу болгон акылдуу ити. Түн бир оокумда жанагы ит куйругу менен терезени ургулап, тынбай үрүп жатканынан апамдар ойгонуп кетиптир. "Кокуй, карышкыр тиет деген ушул беле" деп апам акыл-эсин жыйганча байкем ордунан тура калып кийинип, "апа, жүрү эшикке" деп чыгып кетиптир. Чуркап чыгып, кыйкырып, итин айдактайт. Ага эрдемсиген күчүк ого бетер борсулдап үрүп, бала карышкырларга тап берип калганда апам чыгат. Байкем экөө үйүлүп турган чөптөн сарайды айланта чачып, ар жерине от коюп жиберишет. Жалбырттаган жалын заматта айлананы жарык кылып, карышкырлар сестенип качышат. Бул окуядан кийин агам көзүн ирмебей, итин эш тутуп ошол түнү койлорду кайтарып чыккан экен.

Ал эми 9-классында өз колу менен там салган. Ата-энебиз малчы болгондуктан тоо-ташты аралап көчүп, курулушка деле убактылары болбоптур. Беганас байкемден кичүүсүнүн аты Баянас. Бири 9-класс, экинчиси 8-класста окуп жатышкан кезинде үй курмак болушат. Ойлорун жөн эле сөз боюнча калтырып койбой, кадимкидей курулушту башташат. Пайдубалын казып жатып бир аял кишинин кабырына туш болушат. Анда да агам коркпой, сөөктү дыкаттык менен чогултуп, башка жакка алып барып көмүп, куран түшүрүп кайтат. Кийин үйдүн курулушу бүтүп жашап калышканда эстеп, бул окуяны ата-энебизге айтып беришсе алар бир чети чочуп, бир чети баласынын токтоолугуна сүйүнүшөт. Ошол там азыркыга чейин бар.

Кыргызский писатель-фантаст, поэт Беганас Сартов
© Фото / из личного архива Сабиды Сартовой
Жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл, 2019-жылы, 74 жашка чыкмак

— Беганас Сартов алгачкы чыгармаларын качан жаза баштаган?

— Агам тунгуч аңгемелерин, ырларын 15 жашында мектептеги дубал газетага жарыялап турду. Ошондогу фантастикалык жанрдагы аңгемелерин азыр окуп көрсөм илимди түшүнгөн, ой-чабыты кенен эле бир улуу адам жазгандай сезилет. Ал абдан шашып жашап өттү. Чыгармаларын да бир нерседен кеч калчудай, бул дүйнөгө жаралган милдетин тез арада өтөп бүтүшү керектей жазды. Атургай "33 жаштан өтүп кетсем, анда 90го чейин жашайм" деп өзүнүн айтканы бар. Анда буга эч ким деле көңүл бурбаптыр. Ал кезде жашоо образы ушундай болчу, баарыбыз эле атеисттик көз караш менен чоңойдук. Бирок атабыз 12 жашынан намазын үзбөгөн, куранды кыраатын келтире окуган момун киши эле. Атам менен Беганас байкемдин ортосунда да ушул темада көп талаш-тартыштар жаралып турчу. Ал чыгармаларын илимге ыктап жазып, Кудай жок дегенден тажабаса, атам ага Кудайды таанытуудан чарчачу эмес. Мунун негизинде талаш-тартыштары күчөп калган маалда апам тыйып коёр эле. Бул көрүнүштү сиздер "Мамыры гүлдөгөн маалда" повестинен Мелистин образынан да байкай аласыздар.

Бирок өлөр алдында атама келип "ата, кечириңиз, Кудай бар экен көрсө" деп айткан.

Агамдын өлүмү да сырдуу болуп калды. Ал өз ажалын тосуп алганы Чаекке баргандай туюлат. Борбордон Суусамырга келип, атабыздын алдынан өткөн соң "мен Соң-Көлдөгү чыгармачыл досторума жолугуп келейин. 3-4 күндө келип калам. Жалгыз эмес, көп киши ала келем. Конок тосконго даяр тургула" деп айтып кеткен. Көрсө, 3-4 күндөн соң өзүнүн кара ашы өтөрүнө астейдил белги берген экен да.

Чаекке барган соң достору менен сүйлөшүп отурганда эле оозунан кан кетип, өзүн жоготот. Курдаштары райондук ооруканага алып барып таштап коюшат. Өкүнүчтүүсү — жанында бирөө жарымы калып же кийин барып кабар алып коюшпаптыр. Агам ошол ооруканадан эле жан берди.

— Аз өмүрүндө опол тоодой эмгек жаратканга жетишкен жазуучу, акын өз кесиптештеринин арасында да өтө жигердүү болгон деп уктум эле...

— Ооба, ал абдан патриот болчу. Кыргыз адабияты өнүксө, кыргыз жаштары өссө дегенде ичкен ашын жерге койгон инсандардан эле. 70-жылдары "Тоо жылдызы" деген ийрим түзүп, анда жаш калемгерлердин чыгармаларын талкуулашып, сындашып, бири-бирине багыт берип, айтор, кыргыз адабиятынын келечектеги жүгүн көтөрчү инсандардын башын бириктирген. Айгүл Узакова, Калчоро Көкүлов, Сталбек Бактыгулов, Нургүл Ногойбаева, Салтанат Орозобекова жана башка белгилүү инсандар кезинде ошол адабий ийримден тушоолорун кескен экен. Ал эми Асан Жакшылыков байкемдин жакын жолдошу болгон. Негизи ушул 60-70-жылдары өтө бир жалындаган кыргыздын жаштары жаралыптыр десек аша чапкандык болбос. Ушул эле чыгармачылык чөйрөнү ала турган болсок азыркы Орто-Сай базары турган жерде жаңы конуш түптөп алып бири-бирин колдоп, сынап, келечек үчүн, мекен үчүн чоң-чоң эмгектерди жаратканга дилгирленген жаштар жашаган экен. Агама кошуна болуп Табылды Муканов, Аман Токтогулов сыяктуу чыгармачылыгы али изилдене элек инсандар турушкан.

Сестра писателя-фантаста Беганаса Сартова Сабида Сартова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сабида Сартова: агамдын өлүмү да сырдуу болуп калды

— Балдарынан атасынын талантын алып жүргөндөрү барбы?

— Агамдын өз балдары тарбиялуу, шаарда чоңойсо да кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн, тууганчыл болуп өсүштү. Бирок кичүү кызынан башкасы чыгармачылыктан алыс, башка кесип ээлери болушту. Ошентсе да уучубуз куру эмес, Беганас байкемден улуу агамдын кызы Шахсанем Мюррей учурда Шотландияда жашайт. Ал батыш адабиятка аралашып, белгилүү болуп келе жаткан жазуучу десек болот. Бул кызыбыздын чыгармачылыкка келишинде да сыр жатат. Түшүндө агам чоң кызыл тууну берип, "бул менин чыгармачылыгым, эми сен улант" деп айткан экен. Ошондон тартып эле өзү да жазып, агамдын чыгармаларын да англис тилине которуп басып чыгарды. Шотландияда эле эмес, батыш адабият сүйүүчүлөрүндө кыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун чыгармалары абдан популярдуу болуп, окурмандар арасында кызыгууну жаратып, адабият чөйрөсүндө талкуу жаратып келет. Бул биз үчүн ары кубаныч, ары сыймык.

— Кыргыз адабиятында фантастика жанры бай эмес экени маалым. Жазуучунун чыгармалары ушул күнгө чейин эле өзүнүн илимий баалуулугун жоготпой, ал тургай фантастика менен илимий чыгармалардын ортосундагыдай таасир калтырып келет. Мамлекеттин тиешелүү органдары тарабынан андан ары жайылтууга, таратууга кандайдыр бир аракеттер көрүлдүбү?

— Тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан тарта кыргыз адабияты солгундай түшкөн. Ал абалдан азыркы күнгө чейин эле чыга албай келебиз. Андыктан, байкемдин чыгармаларына мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп же жок дегенде чыгармалар жыйнагын чыгаруу боюнча деле демилге көтөрүлгөн эмес. Бирок биз, жакындары, өзүбүздүн аракетибиз менен 1995-жылы 50 жылдык юбилейине карата "Эридиана" деген аталыштагы чыгармалар жыйнагын кайрадан басып чыгарганбыз.

Албетте, адабият аксап турган учурда агамдын чыгармаларына экинчи өмүр берип, алгылыктуу иштер колго алынса жакшы болмок. Анын ар бир чыгармасына тасма тартса жарашат. Бул аны кандашым болгону үчүн мактаганым эмес, чыгармаларындагы илимий көз караштар, окуялардын курчтугу, жөнөкөйлүгү, анын чебер сүрөттөлүшү жаштарга эстетикалык байлык тартууламак.

Тема боюнча

Айтматовдун Москвадагы айкелин жасаган скульптор: уят болбосом экен деп тиледим
Шамшиев: Төлөмүш Океевдин деңгээли Айтматовдукунан кем эмес
Белгилер:
өлүм, фантастика, адабият

ЭҢ МААНИЛҮҮ