Бутун чечпей ардагердин үйүнө кирген вице-премьер Разаков сынга калды

© Пресс-служба правительства КРВице-премьер-министр Жениш Разаков навестил ветеранов ВОВ в Таласской области
Вице-премьер-министр Жениш Разаков навестил ветеранов ВОВ в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары ардагерлерди куттуктап келген вице-премьер менен өкмөттүн өкүлү бут кийимин чечпегенине көңүл бурушкан.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Социалдык тармакта вице-премьер Жеңиш Разаков менен өкмөттүн Таластагы өкүлү Мурат Мураталиевдин ардагердин үйүнө бутун чечпей кирип кеткенин сынга алышууда.

Окуянын сүрөтү Facebook менен Instagram тармактарында жайылууда. Сүрөттө аткаминерлер бутун чечпей, ал эми ардагер байпакчан отурганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар вице-премьерди ардагерди куттуктап келип, бирок бут кийимин чечип кирген президент Сооронбай Жээнбеков менен салыштырышууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости столицы (@bishkeknews)

Жеңиш майрамынын алдында аткаминерлер Талас облусунда жашаган согуштун ардагерлерин куттукташкан. Ал тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына 8-майда жарыяланган.

Коомдук транспорт күтүп жатан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орун берген соң бир жылмайып кой! Коомдук транспортто жүрүүнүн 9 эрежеси
Сүрөт жарыяланары менен социалдык тармактын колдонуучулары Разаков менен Мураталиев ардагерлерге сый көрсөтпөгөнүн айтып, түрдүү комментарийлерди жазып жатышат.

Буга чейин да өкмөттүн Баткендеги мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаев менен Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаковдун бутун чечпей үйгө кирип кеткени коомчулукта бир топ нааразычылыкты жараткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0