"Катюшаны" немистер да жакшы көрчү. Ырдын жаралышы жана гимнге айланышы

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Бессмертный полк" в Бишкеке
Акция Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүктүн пикиринде "Катюша" — элдик ыр. Бирок 2018-жылы бул ыр 80 жылдык мааракесин белгиледи.

"Катюша" бүгүнкү күндө да бүткүл постсоветтик мейкиндикте, Италия жана Израилде абдан популярдуу болсо, Кытайдын армиясы күнүмдүк турмушунда да ырдайт. Мындан сырткары, бул ыр грек жана италиялык партизандардын гимнине да айланды.

Ырдын жаралышы

1938-жылы белгилүү советтик акын Михаил Васильевич Исаковский Катюша деген кызга арнап ырдын бир нече сабын жазып, бирок андан ары уланта албай коёт. Капысынан композитор Матвей Блантерге жолугуп калып, ага "Катюша" тууралуу айтып берет. Блантер чыгарманы абдан жактырып калат да, Исаковскийге айтпастан ырдын обонун жазат. Андан соң гана ырдын аягын жазып берүүнү өтүнөт. Исаковский Блантердин өтүнүчүн аткарып, ырдын текстин толук бүтүрөт.

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКатюша ырынын каарманы
Катюшаны немистер да жакшы көрчү. Ырдын жаралышы жана гимнге айланышы - Sputnik Кыргызстан
Катюша ырынын каарманы

"Катюшанын" элдин сүймөнчүгүнө айланышы

Разведчик А. Овечкин с 13-летним сыном Николаем  - Sputnik Кыргызстан
Чолпонбайдын эрдигин кайталаган өспүрүм. Полктун унутулгус уул-кыздары
Ыр Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы жакындап калган кезде жазылган. Ошол убакта Испанияда жарандык согуштун оту алоолонуп күйүп, бүткүл дүйнөнүн алдыңкы күчтөрү биригип, фашисттерге каршы күрөшүп жаткан учур болчу. Ал эми Ыраакы Чыгыштагы Хасан көлүнүн боюнда советтик аскерлер япон армиясынын мизин кайтарган. Ошондуктан ырдын каарманы Катюшанын Ата Журттун чек арасын кайтарган жоокерге салам айтып жатканы бул чыгарманы абдан популярдуу кылган.

Исаковский менен Блантер бул чыгармасы менен элдин мүдөөсүн аткарган. Бир жагынан ырдын саптарында саясат жок болсо, экинчи жагынан ырда муң менен кайгы дагы жок, ыргагы динамикалуу. "Ата мекениңди көздүн карегиндей сакта", "Эсиңде болсун, үйдө сени сүйүктүү кызың күтүп жатат...", "Ал мени кандай гана душман болбосун ойронун чыгарат деп ишенет", "Сен аман-эсен үйүңө кайтып келесиң" деген саптар элдин жүрөгүнө абдан жакын эле.

Биринчи жолу бул ырды 1938-жылы 27-ноябрда белгилүү совет ырчысы Валентина Батищева Москва шаарындагы Союз үйүнүн Колонна залында ырдайт. "Катюша" биринчи жолу пластинкага Батищеванын аткаруусунда жаздырылган.

СССРдин аймагында "Катюша" дароо элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Өлкөнүн булуң-бурчунда өткөн концерттерде угуучулар "Катюшаны" сөзсүз төрт-беш жолу ырдап берүүнү суранчу. Ал эми пластинкага жазылган бул ырды угармандар издеп жүрүп, сатып алышчу.

"Катюшанын" элдик гимнге айланышы

Генеральный секретарь ЦК ВКП Иосиф Сталин - Sputnik Кыргызстан
Сталин окуп жактырган. "Биздин замандын кишилери" романы тууралуу 10 факты
1941-жылы фашисттик Германия СССРге кол салганда "Катюша" душманга каршы күрөшкөн совет элинин гимнине айланат. Өзгөчө Улуу Ата мекендик согуштун биринчи оор жылдары "Катюша" элге дем берип, Улуу Жеңиштин жакын экенине ишеним жараткан. Ошол эле убакта изилдөөчүлөр бул ырдын жүзгө жакын варианты пайда болгонун да айтышат. Жаңы варианттарында Катюша согушта жарадар болгондорду дарылаган медайым жана партизанга айланат.

1941-жылы советтик аскердик өнөр жайы жаңы гвардиялык БМ-13 реактивдүү миномётун чыгарат. Бул курал кан майданда согуш бүткөнчө фашисттердин жүрөгүнүн үшүн алат. Жогоруда сөз болгон куралды совет эли жана гитлерчилер "Катюша" деп аташат. Белгилей кетсек, биринчи жолу Белоруссияда капитан Флеровдун кол астындагы реактивдүү миномёттун батареясы ырда ырдалгандай, Днепр дарыясынын жээгинен Гитлердин армиясына каршы сокку урат. Андан кийин чыккан реактивдүү миномёттун жаңы түрлөрүн эл эркелетип "Катюша" деп атады. Анын үстүнө бул ыр грек менен италиялык партизандарга да кеңири тарап кетет. Италияда "Катюшаны" антифашисттер "Катарина" деп аташты. Ал эми француз партизандары аны Fischia il vento ("Шамал үйлөйт") деп, Каршылыктын гимнине айлантышкан.

Душмандар да жакшы көрчү

Согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ок чачкан пулемётко секирип... Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу 7 факты
Таң калычтуусу — СССРге каршы күрөшкөн чет элдик баскынчылар да "Катюшаны" абдан жактырышчу. Мисалы, Гитлердин тарабында согушкан испаниялыктардын "Көгүлтүр дивизиясынын" бейрасмий гимни "Примавераны" "Катюшанын" оңдолгон варианты катары кароого болот. Айрым учурларда фронтто убактылуу тынчтык орногондо немистер "Катюшанын" пластинкасын коюп алып угушчу. Керчь шаарынын жанында советтик жоокерлер бул ырды гитлерчилер угуп жатканын көрүп, кыжыры кайнап, капысынан чабуулга өтүп, алардын колунан пластинканы жулуп келген учурлары аскердик архивде сакталып калган.

Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин эскерүүсүндө Ленинграддын алдында совет жана немис аскерлеринин казган окоптору 700-800 метр аралыкта болгондуктан, бири-биринин сүйлөшкөнү угулуп турчу экен. "Бир жолу түн ичинде гитлерчилер советтик жоокерлерден мегафон аркылуу "Катюшаны" ырдап берүүсүн суранышат. Анан эки айыгышкан душмандар биригип ушул ырды ырдашкан" деп жазган ардагер.

Дүйнөнү бириктирген ыр

 Корабельные учения военно-морского флота СССР - Sputnik Кыргызстан
Советтик Армия менен Аскер-деңиз флоту кантип түптөлгөн. Майрамдын башаты
1945-жылы "Катюша" ырын бүткүл Европа ырдай баштады. Атүгүл Римди фашисттерден бошоткондон кийин рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа менен жолугушууга келген италиялык партизандар адегенде "Катюшаны" ырдашкан. Себеби бул ыр дүйнө жүзү үчүн Улуу Жеңиштин символу болуп калды. Улуу Ата мекендик согуш бүткөндөн кийин да "Катюшаны" СССРдин эң мыкты ырчылары ырдап, атагын арттырышты. Мисалы, ыр коңшу Кытайда чынында элдик чыгармага айланып, өлкө армиясы ырдайт. 2017-жылы Кытайда иштей баштаган россиялык телеканалды кытай эли "Катюша" деп атаганы таң калычтуу эмес.

Ошол эле учурда Корея жана Японияда да "Катюша" абдан популярдуу ыр. Токиодо "Катюша" деп аталган кафе бар. 1985-жылы Смоленск облусунда Угранский районундагы Всходы кыштагынын Маданият үйүндө "Катюша" ырынын музейи ачылган. Бул айылдан анча алыс эмес жерде Михаил Исаковскийдин кичи Мекени Глотовка кыштагы жайгашкан. Блантер менен Исаковский элдин сүймөнчүгүнө айланган бир топ ырларды жазышкан. Бирок "Катюша" ыры калың журттун арасында чыныгы элдик ыр болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0