Биринчи орунга 5 миң сом! "Бишкек жылуулук тармагы" сынак жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры в Бишкеке в рамках проекта "Детский караван игр"
Национальные игры в Бишкеке в рамках проекта Детский караван игр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун негизги максаты — өсүп келе жаткан муунду электр энергиясына сарамжал мамиле кылууга үйрөтүү.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы окуучулар менен студенттер арасында эссе жана сүрөттөр сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бирге жаркынбыз — Кыргызстан" фестивалынын алкагында электр энергиясын сарамжал пайдалануу боюнча 18-20 жаштагы студенттер арасында эссе жана 7-10 жаштагы окуучулар арасында сүрөт сынагы өткөрүлмөкчү.

Мыкты эссе жазган студенттерге берилчү сыйлыктар:

  • 1-орун — 5 000 сом;
  • 2-орун — 3 000 сом;
  • 3-орун — 2 000 сом.

Мыкты сүрөт тарткан окуучуларга берилчү сыйлыктар:

  • 1-орун — 5 000 сом;
  • 2-орун — 3 000 сом;
  • 3-орун — 2 000 сом.

Сынактын негизги максаты — өсүп келе жаткан муунду электр энергиясына сарамжал мамиле кылууга үйрөтүү.

Эмгектер 8-27-май күндөрү кабыл алынат. Кошумча маалымат үчүн 0312-61-11-69 номерине чалса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0