"Кылычсыз самурай" китеби кыргыз тилине которулду

© Sputnik / Расул УсеналиевКнига японского писателя Китами Масао "Самурай без меча"
Книга японского писателя Китами Масао Самурай без меча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Котормочу китептеги башкы каарман Тойотоми Хидэйошинин сырлары ишкерлер, бизнесмендер, жетекчилик кызматта иштегендер жана катардагы окурмандар үчүн да пайдалуу болот деген ойдо.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Япон жазуучусу Китами Масаонун "Кылычсыз самурай" китеби кыргыз тилине которулуп басылып чыкты. Бул тууралуу китептин бет ачарын уюштурган топ билдирди.

Ага ылайык, китепти котормочу Гүлбара Абдыкалыкова кыргызчалаган.

"Кылычсыз самурай" китебинде XVI кылымдагы Япониянын легендарлуу тарыхый жол башчысы Тойотоми Хидэйошинин лидерлик сырлары айтылат. Китептин автору белгилегендей, Хидэйошинин сырлары ишкерлер, бизнесмендер, жетекчилик кызматта иштегендер жана катардагы окурмандар үчүн да пайдалуу болот. Анда япон тарыхындагы Сеңгоку доору кенен сүрөттөлөт.

Ал эми котормо долбоорунун жетекчиси Жаныбек Абидетегин башкы каарман Тойотоми Хидэйошинин ошол кезде чачыраган урууларды бир туунун алдына бириктирүү максаты кыргыз элинин "Манас" эпосундагы "Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган" деген саптарды эске саларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0