Түштүк магистралдагы парктын курулуш иштери башталды. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекСтроительство парка по южной магистрали в Бишкеке
Строительство парка по южной магистрали в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парктагы курулуш иштерин быйыл аягына чыгаруу пландалууда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды
Бишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды
© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты.
Бишкекбашкыархитектура муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты.
1/2
Бишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды
2/2
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты.

Бишкек с высоты птичьего полета — Рабочий городок - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Бишкектин башкы планы жок, каякка эмне куруларын эч ким билбейт
Парк Масалиев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын долбоору "Бишкекбашкыархитектуранын" адистери тарабынан иштелип чыккан.

Парктын жалпы аянты 10 гектарды ээлейт. Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жол, веложол, тротуарлар салына баштады. Андан сырткары, эс алуу жайында коомдук даараткана, 160 машинага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай курулат.

Парктагы курулуш иштерин быйыл аягына чыгаруу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0