Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен муфтияттын кеңеши

© REUTERS / Adnan AbidiСвященный месяц Рамазан
Священный месяц Рамазан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Орозо айы 6-майда башталды. Күн барган сайын узарып жана ысып бара жаткан учур. Мындан улам ооз жабууда чаңкабай, ток жүрүш үчүн кандай азыктануу керек, эмне тамактар менен оозду ачууга болот деген суроо актуалдуу болушу мүмкүн.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги орозодогу тамактануу боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу жана диетолог Бактыгүл Иманкулова менен сүйлөштү.

Муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу

© Sputnik / Асель АкматалиеваМуфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу
Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен муфтияттын кеңеши - Sputnik Кыргызстан
Муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу

Динде оозду курма менен ачуу керек деп айтыларын билебиз. Бир даана курма жетет, табитке карап жей берсе болот. Жаңы бышканбы же кургатылганбы, айырмасы жок. Курма ачкалыкты тез жоет. Эгер ал жемиш жок болсо, суу ичиңиз. Эгер буга да мүмкүнчүлүк жок болсо, башка тамактар менен ача берсе болот. Динде ооз ачканда жана жапканда тамакты тое жебеш керек экендиги да баса белгиленген. Ошондой эле ооз өз убагында жабылып, ачылышы керек. "Кечинде жегеним жетет" деп түндө тамакка турбай койгонго болбойт. Өтө кеч дагы ачпаңыз. Арам тамактар, ичимдиктер таптакыр тыюу салынган.

Орозодо кантип чарчабай, чаңкабай жүрүү керек деген суроо бар. Орозо — мусулман үчүн беш парздын бири. Балакатка жеткен, акыл-эстүү, оорубаган, дени сак адам кармаганы оң. Орозо туткан адамдын жан дүйнөсүндө парзымды аткарып жатам деген сезим болгондуктан, адам өтө деле суусап, ачка болбойт.

Диетолог Бактыгүл Иманкулова

© Sputnik / Табылды КадырбековДиетолог Бактыгүл Иманкулова
Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен муфтияттын кеңеши - Sputnik Кыргызстан
Диетолог Бактыгүл Иманкулова

Орозону туура кармаса, ден соолукка пайдалуу. Учурда бул боюнча көптөгөн иликтөөлөр жүргүзүлүп, адамдын ачка жүрүүсү да саламаттыка пайдалуу экендиги аныкталган. Куранда медицина сыяктуу эле орозону кимдер кармаганга болору же болбой турганы айтылган.

1. Илдети оорлор дарыланып жаткандыгына байланыштуу;

2. Бала эмизгендер жана кош бойлуулар;

3. Өтө улгайган жана кичинекей балдар (ачкалыкты көтөрө алышпайт);

4. Алыс жакка чыгып жол азабын тарткандар (келгенде улантса болот);

Орозону биринчи кармап жаткан адам ачкалыкка көнбөй кыйналышы ыктымал. Бирок бара-бара ага деле көнөт. Негизи орозо кармаган адамдын тамакка табити көп тарта бербейт.

Айт намаздары шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу бар. Ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
Ооз ачууда көбү чыныдагы сууну ууртап эле коюшат. Ошону толугу менен ичкен оң. Адам бир канча саат ачка жүргөндүктөн организмде суунун көлөмү азаят. Суу жуткандан кийин тамакты 20-30 мүнөттөн кийин жеш керек. Антпесе ички органдарга, бөтөнчө ашказанга күч келет. Муздак эмес, жылуураак суу ичкенге аракет кылыңыз. Оозду ачууда жана жабууда майлуу, камыр, таттуу, туздуу, эт тамактарды ченеми менен жеңиз. Жеген тамактын көлөмү адамдын бой, салмак, жашына, тагыраагы, алына жараша болушу керек.

Күнүнө эки ирет тамактануу (ооз ачуу жана бекитүү) зыян эмес. Себеби күн сайын бир нече ирет азыктануу менен эки жолу тое жеп коюу барабар болуп жатат. Болгону убакыттан гана айырма бар. Бир канча убакытка ачка жүрүүдө тескерисинче нерв системасынын иштөөсү жакшырат, зат алмашуу оңолот, иммунитет көтөрүлөт, денедеги шлактар чыгат, салмак азаят. Адамдын жашоодогу убактысы да үнөмдөлөт. Чындыгында курсакты тойгузууга эле канча убакыт сарптарыбызды өзүбүз байкабайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0