13:14 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Социалдык тармакка Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов. Архивдик сурөт

Айдоочуларды кур тагынууга чакырган Саркулов күлкүгө калды. Видео

© Sputnik / Асель Акматалиева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13088 0 0

Саркулов элди коопсуздук курун пайдаланууга чакырып, бирок унаага отургандан кийин курду өзү туура эмес тагып алган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Социалдык тармакка Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов айдоочуларды коопсуздук курун тагып жүрүүгө чакырган видео тарады.

"Ар бир жаранды, ар бир айдоочуну жол сакчылары үчүн же айып пулдан качуу үчүн эмес, өзүнүн ден соолугу үчүн коопсуздук курун тагынып жүрүүгө чакырам", — деди Саркулов.

Кадрдан унаага отурган Саркулов коопсуздук курун өзү туура эмес тагып алганын көрүүгө болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары "Саркулов коопсуздук курун тагынганды билбейт экен" деп күлкүгө алышууда.

Тема боюнча

"Коопсуз шаар" иштегенден бери унаанын учурдагы ээсин издегендер көбөйдү
Белгилер:
коопсуздук, унаа, Ыманалы Саркулов, ЖКККББ

ЭҢ МААНИЛҮҮ