Катын кылса базарды, бала баккан эр жаман! Молдо Багыштын кеп казынасы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМолдо. Архив
Молдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет жазгыч акын Молдо Багыш Сарыбай уулунун насыяттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Молдо Багыш Сарыбай уулу 1888-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Үч айында энесинен, үч жашка чыкканда атасынан ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон. Кат-сабатын Молдо Асандын үйүндө жүрүп жойгондугу айтылат. 1930-жылдары камакка алынып, сүргүнгө айдалган.

Анын улуу акындар Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет жана казактын акыны Жамбыл менен айтышкандары сакталып калган.

Молдо Багыштын жазган ырлары араб тамгасынан которулуп, 1998-жылы "Абак дептери" деген ат менен жарык көргөн. Китепке түрмөдө жазган санат-насыят ырлары топтолгон.

Акын 1937-жылы Аксыдагы Кичи-Ак-Жол айылында каза болгон.

Молдо Багыш Сарыбай уулунун термелери:

Мукам-мукам сайраса,
Булбул үнү эргитет.
Жакшы адамдын кеңеши,
Жан дүйнөңдү кеңитет.
Малга жакын жашынан,
Малын багып семиртет.
Астындагы мингенин,
Алчактатып элиртет…

***

Кандай болот бул заман?
Ээ балдар,
Дини кайыр эл жаман,
Эгин өспөс жер жаман.
Өрдөгү жок көл жаман,
Жылкысы жок төр жаман.
Тик өйдөсүз өр жаман,
Катын кылса базарды,
Бала баккан эр жаман.
Айта албаймын, аа балдар,
Кандай болот бул заман?!

***

Байлык, бийлик дегениң,
Акылсызды көптүрөт,
Албууттантып сөктүрөт,
Абийирин антип төктүрөт,
Акыры түбү чөктүрөт.
Акылдууга келгенде,
Акылдууну көптүрбөйт,
Албууттантып сөктүрбөйт,
Акыры түбү чөктүрбөйт.
Ишинде болбойт чатагы,
Изинде калат атагы.

***

Бир кезеги келгенде,
Кимдер бийлик кылбаган?
Доорду сүрүп жыргаган.
Бир кезеги келгенде,
Мурастаган бийлик жок,
Басып алган байлык жок,
Кайра баштан куураган!

Жаңылыктар түрмөгү
0