"Өлбөс полк" акциясын чагылдыруу. Президенттик аппараттын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" жүрүшүндө. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Өлбөс полк жүрүшүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы "Өлбөс полк" акциясы учурунда журналисттерге президентти тартууга тыюу салынганын маалымдаган. Тартуу иштерин президент кеткенден кийин жүргүзүүгө болору айтылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева "Өлбөс полк" акциясына президент катышып жаткан маалда жүргүзүлө турган тартуу иштеринин эрежелерин түшүндүрүп берди.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы "Өлбөс полк" акциясы учурунда журналисттерге президентти тартууга тыюу салынганын маалымдаган. Тартуу иштерин президент кеткенден кийин жүргүзүүгө болору айтылган.

"Тартууга болот. Бирок жакындан президенттин оператору менен фотографы гана тарта алат. Ошондой эле түз эфирде көрсөтүлөт", — деди Стамалиева.

Анын айтымында, мындай кадам түртүшүүнүн алдын алып, фондун "таза" болушун шарттайт.

Маалымат катчы телефонго тартууга да болбой турганын кошумчалады.

Президенттин маалымат кызматынан мындай ири масштабдагы иш-чара журналисттер жок өтпөй турганын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0