Кыргызстанда бир жылда 25 миңге чейин жолбун ит атылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБездомные животные в городе Бишкек
Бездомные животные в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ветеринардык инспекциянын базасында 411 миң ит каттоого алынган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстанда жылына 22-25 миңдей жолбун ит атылып жок кылынат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Бакирдин Субанбеков учурда жолбун ит, мышыктар көбөйүп жатканын айтты.

"Жолбун иттер менен мышыктар көбөйүп кетти, эмне үчүн ошолорго чара көрбөйсүңөр? Алар ар кандай жугуштуу ооруларды алып келип жатпайбы", — деп эл өкүлү суроо салды.

Американский стаффордширский терьер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жолдо бараткан аялды ит талап сала жаздады. Видео
Өз кезегинде Жумаканов ээси жок иттер менен күрөшүү кыйын болуп жатканын, аларды аткан менен коом арасында ар кандай ойлор айтылып, "ветеринарлар жаныбарларды жок кылбай, аларды сакташы керек" деген пикирлер бар экенин белгиледи.

"Иттердин ээлери болгону дарыгерлерге да жакшы. Каттоого алынган итти барып дарылаганга да жеңил. Ал эми көчөдөгү итке бара албай жатабыз. Жакында "Жаныбарларды коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун алып келебиз. Ал жерде жолбун иттерди кимдер тескей турганы жазылган", — деди ал.

Жумаканов ошондой эле азыр 411 миң ит каттоого алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0