Рак болгон 3 жашар Медердин апасы: күйөөмдөн айрылдым, эми уулумду жоготкум келбейт

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАида Жолдошбекова уулу 3 жаштагы Медер менен
Аида Жолдошбекова уулу 3 жаштагы Медер менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аида Жолдошбекованын экинчи уулу, 3 жаштагы Медер рак илдетине кабылып, дарыгерлер ага нейробластома (нерв системасында залалдуу шишик) деген диагноз коюшкан. КРде аппараттын жоктугунан наристени тез арада Түркиядан операция жасатуу зарыл. Бирок бир ай мурун Аиданын таянган тоосу, жолдошу жол кырсыктан каза болуп калган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы келиндин тагдыры менен таанышып келди. Үй-бүлө атасынын акыркы айлыгына жашап жаткан экен.

Биз барган учурда 3 жаштагы Медер алтынчы химиотерапиясын алып жатыптыр.

— Жардам сураган кайрылууну соцтармактан көрүп калдык. Алдында жолдошуңуз да жол кырсыгынан каза болуп калган деп жазылып турат...

— Күйөөмдүн кырсыктап каза болгонуна бир айга чукулдады. 19-апрель күнү кечинде үч дос баласы менен аяш кызыбызды Балыкчыга жеткиргени кетишкен. Кайра келе жатып таңга жуук Кеминдин тушунан жол кырсыгына кабылыптыр. Аман калган досунун айтымында, унааны башкарган бала аябай катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан экен. Күйөөм терезеден ыргып кетип, алган жараатынан ошол жерден жан бериптир. Айдоочу ооруканадан көз жумуп, үчүнчү шериги аман калган. Жолдошумдун каза болгонуна кырк күн боло элек. Үйдө отурайын десем уулумдун химиотерапиясын алып, операциясына акча издеш керек болуп калды. Айла жок, жолдошумдун кыркына жетпей сыртка чыгууга туура келди.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАида Жолдошбекова: химиотерапиянын эң эле жеңил түрү 6 суткага созулат. Элестетиңиз, алты сутка бою уулум аппаратка байланып жатат.
Рак болгон 3 жашар Медердин апасы: күйөөмдөн айрылдым, эми уулумду жоготкум келбейт - Sputnik Кыргызстан
Аида Жолдошбекова: химиотерапиянын эң эле жеңил түрү 6 суткага созулат. Элестетиңиз, алты сутка бою уулум аппаратка байланып жатат.

— Арты кайырлуу болсун. Канча балаңар бар эле?

— Үчөө. Улуусу эркек, алты жашта, экинчиси - азыр ооруканада жаткан Медер, үчүнчүсү кыз, ага жакында эле беш ай болду.

— Кызыңыз кичинекей турбайбы...

— Ушул кызым төрөлүп бир ай болгондо Медер рак илдетине кабылганын билдик. Ошондон бери ал ымыркайымды унутуп Медердин оорусу менен алышып жүрөбүз.

— Аны ким карайт?

— Өзүмдүн апамды багып бериңиз деп суранганбыз. Кызыма карап жумушун таштап үйгө отуруп калды. Бир жарым айында эле эмчектен чыгардым. Анткени Медер менен көп убакытка чейин ооруканада жатып калдым.

— Уулуңуздун рак экенин кантип билдиңер?

— Көл-шал түшүп эле тердей баштады. Түштө уктаганда кийимдери суу болуп калчу. Мурда андайы деле жок болчу да. Өзүбүз Ивановка айылында турабыз, бир күнү айылдын ооруканасына алып барсам "ичинде курт бар го" деп так диагнозун деле билбей коюшту. Бир күнү жолдошум жумуштан келип ичи шишип кеткенин байкап калды. УЗИге алып барсак, ичинде 10 сантиметрдей шишик бар экенин айтып, дароо Бишкекке жөнөтүштү. №3 балдар ооруканасына барсак, "бизге тиешелүү эмес экен" деп онкологияга жиберип, бул жактан дарыгерлер текшерип, аппаратка түшүрүп III даражадагы нейробластома, залалдуу шишик деген диагноз коюшту. Ошондон бери ушул оору менен алышып жатабыз.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАида Жолдошбекова: Медер атасына аябай жакын эле. Каза болгондон кийин бир топ күнгө чейин эшиктен атасынын караанын күтүп, "атам качан келет" деп жүрдү...
Рак болгон 3 жашар Медердин апасы: күйөөмдөн айрылдым, эми уулумду жоготкум келбейт - Sputnik Кыргызстан
Аида Жолдошбекова: Медер атасына аябай жакын эле. Каза болгондон кийин бир топ күнгө чейин эшиктен атасынын караанын күтүп, "атам качан келет" деп жүрдү...

— Шишик эмнеден пайда болот экен, дарыгерлер айткан жокпу?

— Кош бойлуу кезимде УЗИ аппаратына эки-үч эле жолу түшкөм. Доплерге деле текшерилип көрүнгөн эмесмин. Көрсө, бул шишик балам түйүлдүк кезинде эле пайда болуптур. Анын үстүнө улуу балам жакшынакай төрөлсө, оюбузга деле жаман нерсе келген жок да. Ошентип 2019-жылдын январь айынан баштап химиотерапиясын ала баштадык.

— Медер ооруну кандай көтөрүп жатат?

— Химиотерапиянын эң эле жеңил түрү 6 суткага созулат. Элестетиңиз, алты сутка бою аппаратка байланып жатат. Ыйлайт, бирок бала да, бат эле баарын унутуп калат. Атасы барында мага да бир аз жеңил эле. Жумуштан келип уулун ойнотуп, маанайын көтөрүп кетчү. Медер атасына аябай жакын эле. Каза болгондон кийин бир топ күнгө чейин эшиктен атасынын караанын күтүп, "атам качан келет" деп жүрдү...

— Химиотерапия акысызбы же акча төлөйсүңөрбү? Биз билгенден бул дарттын дарылары да аябай кымбат.

— Ар кандай. Эгер ооруканада дарысы бар болсо, бекер эле. Дары жок болуп калса өзүбүз алабыз. Химиотерапиясына төлөсөк, операциясына акча чогулта албай калат экенбиз. Азыр элден чогулган акчанын бир сомуна да тийбей операциясына топтоп жатабыз. Баскан-турган, тамак-ашыбызды күйөөмдүн акыркы айлыгы менен эптештирип жатам.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАида Жолдошбекова: күйөөмдү жоготконум аз келгенсип, эми уулуман айрылгым келбейт. Өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетимди жумшайм...
Рак болгон 3 жашар Медердин апасы: күйөөмдөн айрылдым, эми уулумду жоготкум келбейт - Sputnik Кыргызстан
Аида Жолдошбекова: күйөөмдү жоготконум аз келгенсип, эми уулуман айрылгым келбейт. Өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетимди жумшайм...

— Операцияга канча каражат чогултушуңар керек?

— Уулумдун дартын бул жактан операция жасоого аппарат жок экен, Түркия, Россиядан жасайт дешти. Эки жакта тең эле операциянын акысы аз эмес экен. Ал жактын дарыгерлери менен байланышсак, 50 миң доллардын тегерегин айтышты.

Нуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова - Sputnik Кыргызстан
Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты
Жолдошум барда көп билинчү эмес эле. Анын тапканы тамак-аштан сырткары дары-дармегине жетчү. Химиотерапия алгандан кийин баланы таза кармап, күчтүүлөп, түрлөп тамак бериш керек. Улуу баламды да өзүм карайм. Анын баары эле акча да. Жолдошумдун көзү өткөндөн кийин өзүмдү жоготуп, башым айланып жыгылып калып жаткам. Бирок мен төшөккө жатып калсам балдарым каралбай каларына көзүм жетип, белимди бекем буудум. Күйөөмдү жоготконум аз келгенсип, эми уулуман айрылгым келбейт. Өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетимди жумшайм...

Жаңылыктар түрмөгү
0