00:42 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмөдө Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эрдигин баса белгилеген сүрөттөр илинди

БУУдагы көргөзмөдө Токтогон Алтыбасарова апанын эмгеги да эскерилди

© Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)
112 0 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмө ачылды.

БИШКЕК, 8-май - Sputnik. БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмөдө Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эрдигин баса белгилеген сүрөттөр илинди. Бул туурасында Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

  • 6 мая 2019 года в здании штаб-квартиры ООН в Нью-Йорке состоялась официальная церемония открытия фотовыставки, посвященной празднованию Дня Победы 9 мая Женщины в войне: отвага и героизм
    БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмөдө Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эрдигин баса белгилеген сүрөттөр илинди
    © Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
  • 6 мая 2019 года в здании штаб-квартиры ООН в Нью-Йорке состоялась официальная церемония открытия фотовыставки, посвященной празднованию Дня Победы 9 мая Женщины в войне: отвага и героизм
    Фотокөргөзмө "Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык" деп аталган
    © Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
  • Көргөзмөнү мурдагы Советтер Союзунун бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрү уюштурган
    © Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
  • 6 мая 2019 года в здании штаб-квартиры ООН в Нью-Йорке состоялась официальная церемония открытия фотовыставки, посвященной празднованию Дня Победы 9 мая Женщины в войне: отвага и героизм
    Фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, БУУга мүчө-мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун секретариатынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.
    © Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
1 / 4
© Фото / пресс-служба Постпредства КР при ООН
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмөдө Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эрдигин баса белгилеген сүрөттөр илинди

Фотокөргөзмө "Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык" деп аталган.

Көргөзмөнү мурдагы Советтер Союзунун бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрү уюштурган.

Фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, БУУга мүчө-мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун секретариатынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө уюштуруучу өлкөлөр согуш жылдарында жеңишке жетүүдө аялдардын баатырдыгын чагылдырган сүрөттөргө келгендердин көңүлүн бургандыгы маалымдалды.

"Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү даярдаган тактада Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстандын аялдарынын баатырдыгы жана эрдиги, тылдагы аялдардын жеңишке кошкон салымдары чагылдырылган. Мындан тышкары, тактада Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эрдиги баса белгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөнү ачуу аземинин жүрүшүндө көргөзмөнү уюштуруучу-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн атынан куттуктоо сөздү Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева сүйлөгөн.

Ал Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы аялдардын баатырдыгы жана эрктүүлүгү, улутчулдук менен күрөшүүдө алардын ролу жана кошкон салымын өзгөчө белгилеген.

"Көргөзмөгө келген коноктор менен бирге улутчулдукка каршы күрөшүп, ааламда тынчтыкты орнотуу үчүн жанын кыйгандарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү болду", - деп айтылат маалыматта.

БУУнун Башкы катчысы Гуттериш аталган иш-чарада  улутчулдукка каршы жеңишке жетишкен аялдардын эрдигин баса белгилеген.

Тема:
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)

Тема боюнча

2 млн. жылкы өлгөн... Улуу Жеңишке Монголиянын кошкон салымы
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери канча акча алат? Министрликтин жообу
Белгилер:
Токтогон Алтыбасарова, Жеңиш күнү, БУУ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ