Рак болгон балдардын ата-энелери: онколог Макимбетовду үй камагына чыгаргылачы!

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологу Эмил Макимбетовдун тарапташтарынын пикирин укту. Дарыгерин колдоп, ооруган балдар да плакат көтөрүп акцияга чыккан.

Балдар онкологу Эмил Макимбетов криминалдык авторитет Азиз Батукаевге рак диагнозун койгон деп шектелип, лаборатория кызматкери Ирина Цопова экөө №1 убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Соттун бул чечими Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндөгү дарыгерлерден тарта бейтаптарга чейин күтүүсүз чоң сокку болгон. Анткени профессор Макимбетов онкологиялык ооруга кабылган балдарга операция жасаган жалгыз хирург. Аталган бөлүмдүн башчысы Гүлмира Жунушалиеванын айтымында, балдар онкологиясындагы дээрлик бардык дарыгерлер Макимбетовдун жетекчилигинин алдында иштечү.

"Макимбетов 20 жылдан бери жасалбай, аткарылбай келген нерсени 5 жылдын ичинде күчүн, эмгегин жумшап Онкология борборунун балдар бөлүмүн түптөдү. Канчалаган илимий эмгектерди жазды, профессор, илимдин доктору. Бөлүмдө иштеген бардык дарыгерлерди өзү чогулткан. Көбү анын аспиранты, окуучулары. Онколог, гематологдун баары ушул кишининин жетекчилиги менен иштечү. Ошол себептен бизге азыр кыйын болууда. Макимбетовдун камалып калуусунан улам бир топ операциялар жылды. Макимбетов өлкө боюнча рактын оор түрү менен жабыркаган балдарга консультация берчү. Балдар онкологиясында бул адамдын опол тоодой эмгеги бар", — деди Жунушалиева.

Бүгүн бөлүм башчы баштаган балдар онкологиясынын дарыгерлери, ата-энелер Макимбетовду колдоп акцияга чыгышкан. Арасында "Макимбетов, сизди күтөбүз!" деп плакат кармаган оорукчан чүрпөлөр дагы бар.

Акциянын катышуучуларынын бири Гүлзат Жапанова рак илдети менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин атынан Макимбетов көп балага аба менен суудай керек экенин баса белгиледи.

Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Батукаев, Көлбаев, Бокушев. ИИМ кылмыштуу топтун лидерлери тууралуу
"Кызым 9 жашында лейкоз (ак кан) оорусуна кабылып, 2016-жылдан тарта балдар онкологиясында дарылана баштаганбыз. Буюрса айыгып калдык, азыр кошумча дарыланып жатабыз. Мадинанын сакайып кетишине Макимбетовдун салымы чоң. Туура консультация берип, кызыма жасаган мамилеси да өзгөчө болду. Менин кызыма эле эмес, бул жакта 100дөгөн балдарга ал аба менен суудай керек", — деди Жапанова.

Буга чейин "Эргэнэ", "Помогать легко" коомдук фонддору рак илдетине кабылган балдардын ата-энелери менен биргеликте Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранып, Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу "Эргэнэ" коомдук фондусунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова билдирди.

"Мен билгенден 100гө чукул балага консультация берет. Ошончо бала эми кимге барат? Башка деле дарыгерлер бар деңизчи, бирок дарылаган врачы болгон жакшы да. Кыргызстанда бул тармакта Макимбетовго окшогон адистер аз. Алар биз үчүн баалуу. Ошол себептен Биринчи Май райондук сотуна үй камагына чыгаруу арызы менен кайрылдык, анын балдардын жанында болуусун каалайбыз. Макимбетов, Цопова деле бир жакка качып кетчү адамдар эмес", — деди Сабырбекова.

Дарыгердин жактоочусу Анара Кыштообаева учурда Макимбетовдун кармоо жайындагы абалы начар экенин, кан басымы улам көтөрүлүп жатканын айтты.

"Азыр биз бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко апелляция бердик. Биринчи Май райондук соту шаардык сотко жөнөтсө, эки-үч күндүн ичинде шаардык сот ишти карашы керек. Макимбетов балдардын онкологиялык оорулары боюнча Кыргызстандагы жалгыз хирург. Азыр анын бир топ операция, консультациялары токтоп калды. Учурда абактагы абалы начар, кан басымы улам-улам көтөрүлүп жатат. Башка да олуттуу оорусу бар экен. Аны эч бир далилсиз, жөн эле суракка чакырып туруп камап салышкан", — деди Кыштообаева.

Врач. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Батукаевден рак аныктап чыккан медиктерге башка айыптар да коюлууда
Ал ортодо ИИМ камалган дарыгерлердин иши боюнча жаңы фактыларды ачыктады. Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери да шектүү катары өтүп жатканы, бирок ал камакка алына электиги айтылат. Ушул үч киши "коррупциялык иштерге барган, документтерди жасалмалаган" деп айыпталууда.

Министрлик 2013-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен медициналык топ түзүлгөнүн эске салат. Анда Батукаевге коюлган диагноз жокко чыгарылып, фактылардын фальсификацияланышы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.

Криминалдык авторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчёт берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0