Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Министрлик баланы мектепке акча бербей киргизүүнүн жолун айтты

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси акча чогултуунун себептеринин бири мектептерге балдардын толуп калгандыгы экенин белгиледи.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Электрондук кезекке туруу мектепке кирүүдө акча алууга каршы тура алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган "Мектептерде жана бала бакчалардагы акча чогултуу" аттуу тегерек столдо билдирди.

Ал өз сөзүндө мектепке кирүүдө акча берүү балдардын көп болуп, класстар толуп калгандыгы да себеп болуп жатканын белгиледи.

"Биз төлөм алууга буйрук менен тыюу салганбыз. Бала бакчаларга электрондук кезек менен ала башташты. Бишкектеги мектептерге быйылтан тарта электрондук кезекке турууну киргиздик. Эгер кезеги келсе, мектеп директору кабыл алууга милдеттүү. Ошентип биз акча берүүнүн алдын алып жатабыз", — деди Абдылдаева.

Ал ошондой эле сынамык долбоордун жыйынтыгы менен аймактарга да электрондук кезек системасы киргизилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0