Коомдук транспортко "Электрондук билет" системасы 2020-жылы кирмей болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАвтоубстагы валидатор. Архив
Автоубстагы валидатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания жабдыктарды даярдоо, орнотуу жана эксплуатацияга берүү кызматын көрсөтөт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Коомдук транспорттогу электрондук билет" долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Келишим муниципалитет менен тендердин жеңүүчүсү BPC AG (Швейцария) компаниясынын ортосунда түзүлдү. Ишкана долбоорду ишке ашыруу үчүн 24 миллион 120 миң сом сунуштаган.

"Компания жабдыктарды даярдоо, орнотуу жана эксплуатацияга берүү кызматын көрсөтөт. Бардык иш келишим күчүнө киргенден тарта 10 айдан кийин бүтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, BPC AG компаниясы система ишке киргенден кийин беш жыл бою кызмат көрсөтүү жана оңдоо иштерин аткарып турат.

BPC AG системаны толугу менен өзү каржылап, эксплуатацияга кеткен чыгымды дагы өзү көтөрөт. Келишимдин мөөнөтү аяктаган соң система муниципалдык менчикке өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0