12:17 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Бишкек жолундагы автоунаалар. Архивдик сүрөт

"Коопсуз шаардын" камералары "чоңдордун" унааларын каттабай коебу? Расмий жооп

© Sputnik / Эмиль Садыров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
836 0 0

Ушул тапта автоунаа башкаргандардын көчөдөгү тартибин көзөмөлгө алган Бишкек шаары боюнча 23, Чүй обулусунда 19 камера иштеп жатат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында мониторинг кылчу программанын эреже бузган айрым автоунаалардын номерлерин көрсөтпөй койчу мүмкүнчүлүгү барбы? Мындай суроо менен Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман кайрылды.

"Өлкөнүн биринчи адамдарына, атайын же укук коргоо кызматтарына тиешелүү автоунаалардын номерин программа өзү иргеп, мониторинг борборунун адисине дагы көрсөтпөй коет экен деп угуп калдым. Ушул чынбы?" — деп суроо салды шаар тургуну.

Мындан улам Sputnik редакциясы "Коопсуз шаар" долбооруна тиешеси бар мамлекеттик органдарга жана аны ишке ашырууга жардам берген россиялык "Вега" концернине кайрылды.

"Вега" концерни жабдуулар менен, тагыраагы, техникалык жактан камсыздоого милдеттүү экенин айтып, ички программалардын ишине тиешеси жоктугун билдирди.

"Программалык камсыздоо, аны ишке ашыруу менен "Инфоком" ишканасы жана Мамлекеттик байланыш комитети алектениши мүмкүн. Биз үчүнчү тарап катары программанын ишине кийлигишпейбиз. Кыргызстандагы транспорттордун маалымат базасына кире да албайбыз", — деп жооп беришти компаниядан.

Мындан улам "Коопсуз шаар" долбоорунун автоматташкан маалыматтык системасын иштеп чыккан "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын адиси менен сүйлөштүк.

Ал "Инфоком" долбоорду программалык жактан камсыздаганын, бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, автоматташкан маалыматтык системага Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ээлик кыларын түшүндүрдү.

Ал эми аталган комитеттен аппараттык-программалык комплекстин "тили" же бул номерди иргеп алуу мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышты.

"Программада кайсы бир автотранспортту же анын номерин мониторинг борборунун адисине көрсөтпөй коюу боюнча функциялар каралган эмес. Видео же сүрөткө тартылган бардык маалымат ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгына жөнөтүлөт. Ал жактан жол инспекторлору эреже бузуулар боюнча чечимдерди кабыл алат", — деп айтылат Байланыш комитетинин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү болгон "Коопсуз шаар" ушул жылдын 12-февралынан тарта ишке кирген. Анын биринчи этабын "Вега" компаниясы 12-майда аяктары айтылууда.

Ушул тапта Бишкек шаары боюнча 23, Чүй обулусунда 19 камера иштеп жатат.

Тема боюнча

Бишкекте "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирди. Сүрөттөр
Чүйдө айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасы турган түркүктү сүзүп кетти
Белгилер:
номер, унаа, камера, Коопсуз шаар, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ