Шереметьеводогу кырсыктан улам Москва — Бишкек каттамы жылдырылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шереметьево аэропортунун ишине чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 6 май — Sputnik. "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва — Бишкек рейси Шереметьеводогу кырсыктан кийин жылдырылганы аэропорттун сайтына жарыяланды. Ошондой эле маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан дагы көрүүгө болот.
Рейс Шереметьеводон Москва убактысы боюнча саат 21:45те учмак, бирок акыркы окуядан кийин саат 00:45ке жылдырылды. Бишкек убактысы боюнча самолет эртең мененки саат 04:55те келмек, эми 07:55ке пландалды.

Шереметьеводогу кырсык

5-майда Москва – Мурманск каттамы менен багыт алган Sukhoi Supjet 100 учагынын бортунан өрт чыгып, самолет Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болду.

Аталган үлгүдөгү учак “Аэрофлот” компаниясына тийиштүү. Кырсыктан улам 13 киши каза тапканы айтылды.

Самолет Sukhoi Superjet 100 горит после аварийной посадки в аэропорту Шереметьево под Москвой. 5 мая 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
Интернет айдыңына өрттөнгөн боюнча жерге конгон учактын видеолору тарады. 

Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты.

РИА Новости жазганына караганда, бортто 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев кырсыкты иликтеген өзүнчө мамлекеттик комиссия түзүүнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү буйрук этти.

Жаңылыктар түрмөгү
0