Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда, батыш бөлүгүндө жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Эртең, 6-майда, Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 08:00-17:00 — "Алтын-Ордо" конушу;
  • 09:00-17:00 — Гоголь (№111 үй) көчөсү;
  • 09:30-17:00 — Токтогул, Калык Акиев, Жаш Гвардия, Садыков көчөлөрү менен чектешкен аймак;
  • 09:30-18:00 — Курманалиев, Низовая, Шайыр көчөлөрүнүн бир бөлүгү, "Жал" кичи району (№5-7; 11-16 үйлөр), "Кара-Жыгач" конушу;
  • 09:30-19:00 — Огонбаев жана Западная көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 10:00-18:00 — "Алтын-Ордо" (1-8-көчөлөр), "Учкун" (Үч-Тулга, Чымындык көчөлөрү), "Келечек" (15-көчө) конуштары.
Жаңылыктар түрмөгү
0