Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Жазылуу
26 жыл мурда 5-май күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 5-май —Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн. Мындан 26 жыл мурда, ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал жалпы адамзат баалуулуктарын туу туткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалын түптөдү. Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу. Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Өлкө башчы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана бакыт-таалай каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0