Жаан-чачын токтоп, күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОбустраивание новой зоны отдыха на пересечении улиц Анкара и Виноградной в Бишкеке
Обустраивание новой зоны отдыха на пересечении улиц Анкара и Виноградной в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптанын аягында абанын температурасы бир аз жогорулайт.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Келе жаткан аптада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жуманын биринчи жарымында гана Ысык-Көл өрөөнүндө жамгыр жаайт. Анткен менен дем алыш күндөрү кайрадан аба ырайы бузулат. Көл өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетери күтүлүүдө. Мындай божомолду Кыргызгидрометтен билдиришти.

5-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Башка облустарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
6-майда дагы Ысык-Көл облусунан башка региондордо жаан жаабайт.

7-9-май күндөрү республика аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Анткен менен бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

10-11-май күндөрү түнкүсүн аба ырайы жылуу болот. Бирок 11-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0