Жол — подиум эмес, ылдам бас! Көчө этикети боюнча 10 кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчө — жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Жумушка, үйгө, жолугушууларга, дүкөнгө, айтор, бардык бара турган жерибизге көчө аркылуу жетебиз.

Айрым учурда көчөдөн көптөн бери көрбөгөн таанышты, тууган-урукту кезиктиребиз. Атургай көчөдө бейкапар сейилдеп жүрүп, же бир жакка шашып баратып, болочоктогу өмүрлүк жарын жолуктургандар жок эмес.

Мааниси мынча чоң болгон соң, демек, өзүбүздү татыктуу алып жүрүшүбүз керек.

Sputnik Кыргызстандын окурмандарына көчөдө жүрүү маданияты боюнча этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Таза кийим

Коомдук транспорт күтүп жатан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орун берген соң бир жылмайып кой! Коомдук транспортто жүрүүнүн 9 эрежеси
Улуу муундан өзүңөр деле угуп калсаңар керек, Советтер Союзу учурунда шаар тургундары эч качан көчөгө үйдө кийген же бырышкан кийимчен чыккан эмес. Дүкөнгө нанга чыккан кыз-келиндер дагы бутуна туфли кие калышчу. Азыр сыртта сланцы, халат кийип жүргөндөрдү деле көрөсүң. Албетте, эл заманга жараша ыңгайлуу кийимге качырып калды. Бирок көчө коомдук жай болгондуктан, таза, тыкан кийинип, чач жасалгасын жарашыктуу алып жүрүү керек.

Таштанды таштаба

Желим бөтөлкөнү, гамбургердин кагазын, банандын кабыгын көчөгө таштаганга болбостугун айтпасак деле баары түшүнөт. Бирок кээ бирөөлөр анткиси келбейт. Андайлар үчүн дагы бир ирет айта кетели, таштандыга атайын челектер бар.

Ичимдик, чылым, түкүрүк

Коомдук жайда мас болуп же чылым түтөтүп, айланадагылардын кыжырын келтирген жакшы адат эмес. Түкүрүк тууралуу айтпай эле коёлу. Такыр айла түгөнгөндө, жогору жактагылар жаман адаттарды айып пул жолу менен токтотууну чечти го.

Тепкич

Тепкичтен чыгып-түшүүнүн дагы өзүнчө маданияты бар. Мисалы, ылдый бара жатканда эркек ар дайым алдыда басышы керек. Чыгып бара жатканда, тескерисинче, бирок тепкич күңүрт, оголе тик болсо, эркек дагы деле алдыда болуп, аялга жардам иретинде колун сунат. Баса, тепкичтин кармоочу бар тарабына кыз-келиндерди, улгайган адамдарды жана балдарды өткөрүү керек.

Учурашуу

Аэропорттун күтүү залындагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аэропорт — тойкана эмес! Аба майданында жана учакта жүрүү боюнча 10 кеңеш
Көчөдө тааныш адамды кезиктирип калганда улуу-кичүүсүнө карабай биринчи салам бериңиз. Бул адамдын туура тарбиясынан кабар берет. Бирок алысыраак турган же сиз тарапты карабаган адамга кыйкырып, кол булгалап учурашуунун зарылдыгы жок. Аны менен саламдашуу же жүз көрүшүү өтө зарыл болсо, жанына басып барыңыз.

Жол бошотуу

Артыкчылык ар дайым улуу кишиге, кыз-келиндерге же бала жетелеген адамдарга берилет. Андыктан, кандай жагдай болсо дагы аларга жол бошотуңуз. Өзүңүз шашып бара жаткан учурда алдыга басууга тоскоол болгон адамды жөөлөп өткөндөн көрө, жөн гана "өткөрүп ийиңиз" деп өтүнүү керек. Бул эки тарап үчүн тең ыңгайлуу.

Башканын тынчын алба

Көчөдө же сейил бакта жүргөндө үнүңүз чогуу жүргөн адамдан башкасына угулбашы керек. Анткени айланадагы бейтааныш кишилерге сиздин жеке турмушуңуз, ой-пикириңиз кызык эмес. Катуу сүйлөгөн учурда бирөөнүн оюн бөлүп, тынчын алгандан башка пайда жок. Ошондой эле жөтөлүп же чүчкүргөндө оозду жүзарчы же алакан менен жабуу зарыл. Жаныңыздагы адамга шилекей чачырарын айтпаганда деле "инфекция жуктуруп алам" деп жийиркенгендер көп болот.

Баланы башынан

Келечекте балам маданиятуу адам болот десеңиз, бардыгын азыртадан баштаңыз. Көчөгө чыгарыңыз менен жолдон өтүү эрежелерин, бейтааныш адамдын жанында өзүн алып жүрүү маданиятын үйрөтө жүрүңүз. Бирок балага бир нерсени сөз менен жеткирүү кыйын. Эң жакшы жолу — өзүңүз үлгүлүү болушуңуз керек. Анткени бала — ата-эненин күзгүсү.

Кулакчын

Көчөдө жүргөндө кучакчындын бир кулактагысын алып эле койсо болот. Бул сизге дагы, башкаларга дагы пайдалуу. Көчөдөн бирөө дарек же саат сурап калышы мүмкүн. Же унаа, велосипедчен адам сигнал берет дегендей. Ушундай убакта эч нерсе укпай каласыз. Бул башкаларга жөн гана ыңгайсыздык жараткан болсо, өзүңүзгө коркунуч алып келет.

"Топ-моделдер"

Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш
Кээ бирөөлөр үчүн жөө адамдар өтчү чийин подиум сыяктуу. Кудум эле мода көргөзмөсүндө отургандай болосуң. Достор, мындай болбойт. Айдоочулар деле бир жакка шашып бара жатышы мүмкүн. Ал сизди өткөрөйүн деп токтодубу, демек, ага татыктуу жооп берүү керек. Эми сизди чуркап өт деп эч ким айта албайт. Жөн гана анын сыйына көңүлкош эмес экениңизди көрсөтүп, жок дегенде шашымыш этип коюңуз. Сүйүнүп калсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0