02:51 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айыл аймагында 12 үй-бүлө чатырга көчүрүлдү

Кадамжайдын Чаувайында 12 бүлө чатырга көчүрүлдү. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
239 0 0

Жер көчкү 1994-жылы активдешип, көзөмөлдө турган.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айыл аймагында 12 үй-бүлө чатырга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

  • Переселение жителей села Чаувай Кадамджайского района в палатки из-за угрозы оползня
    Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айыл аймагында 12 үй-бүлө чатырга көчүрүлдү
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Переселение жителей села Чаувай Кадамджайского района в палатки из-за угрозы оползня
    Аталган тилкеде 29 үйгө жер көчүү коркунучу жаралган. 10-апрель күнү ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан 10 орундуу 15 чатыр бөлүнүп, тигилген.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айыл аймагында 12 үй-бүлө чатырга көчүрүлдү

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде 29 үйгө жер көчүү коркунучу жаралган. 10-апрель күнү ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан 10 орундуу 15 чатыр бөлүнүп, тигилген.

"Бүгүн ал жерге куткаруучулар, милиция кызматкерлери, медициналык бригада барып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте көчүрүлгөн 12 бүлөнү жайгаштырууга жардам беришти. Калган 17 бүлөнү көчүрүү иш-чаралары каралууда", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жер көчкү 1994-жылы активдешип, көзөмөлдө турганын белгиледи.

Тема боюнча

Тогуз-Тородо жабылган ашуу менен бараткан 7 унаа жолдо калды
Белгилер:
ӨКМ, куткаруучулар, милиция, үй-бүлө, чатыр, Жер көчкү, Кадамжай

ЭҢ МААНИЛҮҮ