12:11 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Тлеухор Бошумова Кыргызстандагы стюардессалардын карлыгачтарынан

Усубалиевди сүйүнтүп... Мурдагы стюардесса кесибинин сырларын ачты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
2339 0 0

Тлеухор Бошумова Кыргызстандагы стюардессалардын карлыгачтарынан. Ал жарым кылым мурунку аба каттамдар, сүйгөн кесиби, учактарда кантип кыргызча жарыя айтыла баштаганы боюнча айтып берди. Баса, маектешибиз тейлеген учакта кезегинде Турдакун Усубалиев да учкан.

"Жапыз такалуу бут кийим кийчү эмеспиз, ага уруксат жок болчу. Дайым шиш такачан, абдан тыкан, жакшынакай жасанып жүрөр элек", — деп эскерет Тлеухор Изембековна. Бул айым азыр да сымбаттуу, сынынан жаза элек. Көчөдөн аны өзүнө куп жарашкан, адеми шляпасыз көрө албайсың. 

Одна из первых стюардесс Кыргызстана Тлеухор Бошумова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тлеухор Бошумова — Кыргызстандагы стюардессалардын карлыгачтарынын бири

— Билишимче, мурда аба сапары арзан, жөнөкөй эле, ээ?

— Ошондой болчу. Азыркыдай текшерүү жок, адамдар учакка чейин жөн эле өтүп келип, учкучтарга: "Командир, ала кетчи! Акчам короп кетти. Билетке жеткире албай жатам, бирок үйгө кетиш керек", – деп жалбарышчу. Учкуч аларга: "Мага эмне айтасыңар аны? Тээтиги кыздарга баргыла, балким, боору ооруп калышар силерге", – деп койчу.

Бизге эмне? Эгер бош орун табылса, билетсиз жүргүнчүлөрдү салып алчубуз. Эгер учак толо болсо, андайлар жол бою темир контейнерлерге отуруп барышчу.

Бир окуяны айтып берейин силерге. Москвадабыз, жаныбызга кучагында ымыркайы менен бир кыз келип: "Баламды ала кетиңиздерчи! Сессиямды тапшырышым керек, ата-энем Фрунзеде", - деди.

Азыр ким ошентип кичинекей чүрпөсүн бейтааныш стюардессаларга ишенип табыштайт? Ал кыздын шагын сындырбай баланы ала келдик. Аэропорттон таенеси менен таятасы тосуп алышмак, күткөн эч ким жок!

Кудай жалгап, алардын дарегин алгам. Үйүнө барсам, эшикти тестиер эки бала ачып: "Таенем менен таятам базарга кетишти", – дебеспи. Баланы аргасыз коңшуларына калтырдым. Кийин мени издеп таап, кайра-кайра рахматын айтышты. Көрсө, кызынын "куш каты" Фрунзеге небересинин артынан келиптир.

— Кинолордон мурда учакта тамеки чеккендерин көрүп жүрөбүз.

— Бизде учакта эч качан тамеки чегип же ичимдик ичилген эмес. Ал убакта биз жүргүнчүлөргө тоок же балыктын этинен жасалган бир эле түр тамак берчүбүз. Агезде желим кашык-вилка жок, жүргүнчүлөр үчүн да кадимки эле идиш-аяк коюлчу. Кашык жоголсо, анын акчасы биздин айлыгыбыздан кармалчу.

Ошол убакта бүт учак кошула ырдап, стюардессалар жүргүнчүлөргө учуп бараткан жерлер туурасында кызыктуу фактыларды айтып беришчү. 

Одна из первых стюардесс Кыргызстана Тлеухор Бошумова
© Фото / из личного архива Тлеухор Бошумовой
Бошумова: жапыз такалуу бут кийим кийчү эмеспиз, ага уруксат жок болчу. Дайым шиш такачан, абдан тыкан, жакшынакай жасанып жүрөр элек.

— Сиз алгачкы кыргызстандык стюардессалардын бири болгонсуз, туурабы?

— Ооба, мага дейре 3-4 кыз бар болчу. Мурда стюардессаларга зарылчылык болгон эмес, себеби учактар өтө чакан эле. Борттогу коштоочу кыздын ордуна дагы бир жүргүнчү алган оң болчу. Учкучтар элди өздөрү тейлептир. Тейлегенде кандай эми, суу сурагандарга суу берип дегендей.

— Кандайча болуп абадагы ишмердикке киришип калдыңыз? Ал учурда аял киши өзүн үй-бүлөсүнө арначу эле го...

— Ооба, тамак жасап, бала төрөп үйдө отурчу. Кичинемден эркектер аткарчу иштерди жасап чоңойдум. Кыштакта бир бөлмөлүү тамда турчубуз, аны жыйнап бүтө албай эмне болуптурмун? Төө минип, чөп жаап, уйкананы тазалачумун.

Атам дайрага капкан коюп, үйгө катып калган ондатрларды алып келчү. Экөөлөп алардын терисин сыйрып, апам алардан ичик тикчү. Менин учкум келе берчү. Жайлоодо кой кайтарып жүргөнүбүздө үстүбүздөн учак өтөт. Учкучка кол булгалай, "мени ала кет" деп артынан кыйкырып кала берер элем. Балабыз да...

Арадан жылдар өтүп, 1964-жылы Фрунзеде аялдамада туруп, өзүмчө төлгө кылдым: азыр өйдө тарапка кеткен троллейбус келсе, анда мен учам. Эгер ылдый жакка барган унаа келсе, анда артист болом дедим. Ошентип бир троллейбус тагдырымды "чечип" койду!

Аэропортко бардым. Эми эле чоңдорго кириш кыйындап кетпедиби, анда мен жетекчилерге жөн эле кирдим. Кемсели бүт орденге толгон олуттуу кишилер эле! Кыргызча окуй аласыңбы деп сурашты. Окуй аларымды айттым, гезиттен бир кабарды көркөм окуп бердим. Алгач аэропортко дикторлукка орноштум, каттамдардын учуш-конушун жарыялап турчумун. Жыл айланып калганда стюардесса катары учакка чыктым.

Ошол кезде Жарандык авиация башкармалыгын Ишембай Абдраимов жетектечү. Кызыл аянттагы парадга катышкан айтылуу учкуч эле. Дал ошол Ишембай Абдраимович эки жыл катары менен СССРдин башкы прокурору Роман Руденкону Нюрнберг процессине жеткирген.

Бир ирет жанына барып: "Ишембай Абдраимович, эмнеге биздин учактарда жарыялар кыргызча айтылбайт?" – деп сурадым. "Эгер кааласаң, которуп көр", – деди. Тегим казак, ал убакта кыргызча да өтө окутулчу эмес, бирок баары бир текстти котордум, анан аны башка стюардессалар кол менен көчүрүп алышты.

Биздин учак менен мамлекеттин төбөлдөрү учуп калды бир ирет. Адаттагыдай эле мен учуш туурасында кыргызча жарыяладым. Ошондо Кыргыз ССРинин Компартия БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев көз айнегин түздөй: "Кызым, сен кыргызчаны кайдан мынчалык жакшы үйрөнгөнсүң?" – деп сурады. Ушул жерде төрөлгөнүмдү айтсам, ал жылмая: "Ой, азамат!" – деп алкаган. 

Одна из первых стюардесс Кыргызстана Тлеухор Бошумова
© Фото / из личного архива Тлеухор Бошумовой
Тлеухор Бошумова: Ал убакта биз жүргүнчүлөргө тоок же балыктын этинен жасалган бир эле түр тамак берчүбүз. Агезде желим кашык-вилка жок, жүргүнчүлөр үчүн да кадимки эле идиш-аяк коюлчу. Кашык жоголсо, анын акчасы биздин айлыгыбыздан кармалчу.

— Күтүүсүз окуялар болду беле иш убагында?

— Ташкенттен учуп келдик. Жерге конгонубузда стюардессалардын бири каалганы ачып эле: "Эмнеге мынча ылдый?" – деп калды. Көрсө, шасси чыкпай, учак "боору" менен конуптур.

— Стюардессалыкты кандайча токтоттуңуз?

— Курагым келип калды. "Манас" аба шаарчасындагы бала бакчаны жетектедим. Ал жактан бизге батир беришти. Аябай жакшы бала бакча эле! Акчасына карабай, баары балдарын ошол бакчага бергиси келчү. Кийин аны балдардын саны өтө аз деп жаап салышты. Азыр Жарандык авиациянын музейин жетектейм. 

Одна из первых стюардесс Кыргызстана Тлеухор Бошумова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бошумова: жаңы аэропортту адегенде Беловодское же Канттын аймагында курмак болушкан, бирок ал жакта да тоолор жакын. Анан Бишкектен 20 чакырым аралыктагы жерди тандашты. Мурда ал жакка эч нерсе эгилчү эмес, шамал согуп, тикенек эле өсчү. Жылан да көп эле, бир топ жылдан кийин деле аэропорттун жер төлөсүнөн жылан таап калып жүрүштү. 1972-жылы курулуш толук башталган.

— Мага дайым бир нерсе кызык боло берет, Бишкекте биздин бир аэропортубуз бар эле го. Дагы, болгондо да алыс жерде башка бирин куруунун зарылчылыгы бар беле?

— Абдан кубаттуу учактар чыгарыла баштады, ал эми биздин аба майдандагы учуу тилкеси ага жарабай калды. Абдан кыска, тоолор да жакын. Ошентип, жаңы аэропортту кайсы жерге куруу керектиги боюнча изилдөө башталды.

Адегенде Беловодское же Канттын аймагында курмак болушкан, бирок ал жакта да тоолор жакын. Анан Бишкектен 20 чакырым аралыктагы жерди тандашты. Мурда ал жакка эч нерсе эгилчү эмес, шамал согуп, тикенек эле өсчү. Жылан да көп эле, бир топ жылдан кийин деле аэропорттун жер төлөсүнөн жылан таап калып жүрүштү. 1972-жылы курулуш толук башталган.

Эки жылдан соң 4,2 миң метр узундуктагы учуп-конуу тилкеси курулду. Ал эң акыркы үлгүдөгү учактарга ылайык. Тегин жерден америкалыктар "Манаска" өздөрүнүн аскерий базасын жайгаштырган жок да.

1974-жылдын 23-октябрында биринчи учак конгон. Анын бортунда СССРдин Министрлер Советинин төрагасы Алексей Косыгин болгон. Аны кантип тосуп алганыбыз жадымда, студент, окуучулардын баары желекчелерди көтөрүп катарга тизилген.

Желим баштыктар аз эле анда, Алексей Николаевич үчүн бышырылган боорсок катый түшөт. Ал бирди алып оозуна салды. Же чыгарып коё албайт, ошентип. Косыгин аэропорттон Өкмөт үйүнө чейин ошол боорсокту чайнап барган.

Кийин гана жаңы имарат курулду. Аэропортту Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен "Манас" деп аташты. Биздин музей 2005-жылы түзүлдү. Азыр ал Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинде жайгашкан.

Бул жайдагы мен үчүн эң баалуу экспонат - Ишембай Абдраимовичтин бюсту. Кыргызстандын болочок пилоттору ушул улуу учкучтан үлгү алса деген тилек.

Тема боюнча

Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды
Белгилер:
Учкуч, Турдакун Усубалиев, аэропорт, стюардесса

ЭҢ МААНИЛҮҮ