50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жалгыз уулунан ажырап, арманда жүргөн атанын каты жарыяланды.

...Менин башыма түшкөн тагдырды эч кимге каалабас элем. Өзүм атамдын жападан жалгыз уулумун. 30 жыл мурда классташ кызга үйлөнгөм. Экөөбүз ушул күнгө чейин бирге түтүн булатып, эки кыз, бир уулдуу болдук. Балам Бишкекте университетте окучу. Былтыркы жайда каникулга келип, достору менен көлгө түшкөнү кеткен. Кечке жуук коңшулар чогулуп үйгө кирип келишти. Дароо жүрөгүм "шуу" дей түштү, суук кабар алып келгенин сездим. Бирок анын ушунчалык азаптуу, армандуу болорун билген эмесмин. Көрсө балам көлдөн кайтып келе жатканда унаасы жолдон чыгып кетип, бакты сүзүптүр. Ичиндеги эки жигит аман калып, балам менен дагы бирөө ошол жерден мүрт кетиптир.

13-й Благотворительный Венский Бал в Москве - Sputnik Кыргызстан
Башка эркектерден жылуулук издеп... Күйөөсү бар келиндин каты
"Эмнеге менин жалгыз уулум, тукумубуздун жалгыз үмүтү?!" деп тагдырга, кудайга наалат айтып жүрдүм. Энеси эртели-кеч ыйлап алат, бирок тагдырына баш ийгенсип жоошуй түшүп, "кел, абышка, чай ичели" деп көр оокатка алаксып кетет. Эркек киши анте албайт экен да, өзүмдү кармайм. Аялым куурап калбасын деп ага кайраттуу көрүнгүм келет. Болбой эле мал тейлегени чыкканда ат сарайдын артына барып үнүмдү чыгарбай өксүп алам.

Ошентип жүрүп жакында эле оюма бир нерсе "кылт" этти. Ал идеяма өзүм жаш балача сүйүнүп, жүрөгүмдө үмүт пайда болду. Бизге бала керек окшойт. Бирок кайдан? Аялым экөөбүз тең 52 жаштабыз, ал азыр терөй албаса керек. Багып алалы дейин десем, каны бөлөк да. Тукумубуз ушуну менен үзүлүп калабы деп жүрөк ооруйт.

Төрөп бере турган башка аял тапсамбы деген дагы ой кетти, бирок аялымды кантип кыям? Турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болуп калган кыздарымдын, куда-сөөктүн бетин кантип карайм?

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Абдан өкүнүчтүү иш болуптур, каттын авторуна сабыр тилейм.

Илимий жактан алганда, адам өзүмчүл келет, өз баласы ага күзгү сыяктуу. Айрымдарга айтканым түшүнүксүз сезилиши мүмкүн. Бирок бала кишиге бул жашоодо өзүн улай турган зат катары маанилүү. Качан андан айрылганда өзүн жоготуп алгандай сезим жаралып, азап тартат.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайним үйлөнөлү деп айламды кетирди... Эки анжы ойдо жүргөн келиндин каты
Адис катары айтаарым, кайрылган адам "аялым төрөй албайт" деп өз алдынча бүтүм чыгарардан мурда келинчеги экөө медиктерге кайрылып көрүшсүн. Азыр дүйнө жүзү боюнча жашоо сапаты жакшырып, аял кишинин төрөт курагы дагы узарган. Жашы 50дөн өткөндөн кийин деле аман-эсен төрөп алган энелер көп. Андыктан, аялынын тагдырын өзү чечип, дагы бир ирет эне болуу бактысын уурдабашы керек.

Экинчиден, бүгүнкүдөй медицина жетишкен заманда карын эне кызматын колдонуп балалуу болсо болот. Бул жерде аялы менен ажырашып, башка келинге баш кошуунун зарылдыгы жок. Эң алгач бул үй-бүлөгө ушундай кеңеш берем. Эгер бул аракеттер жыйынтык бербесе, андан соң гана ойлонсо болот.

Адам катары айтаарым, окурмандын эки кызы бар экен. Мусулманчылыкта кыз тукум улоочу катары жакшы кабыл алынбаганы менен таптакыр баласыз калдым деп айтууга болбойт. Анткени ошол кыздарда, алардын балдарында таятасынын каны бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0