Видеону өчүрүүнү жалбарып суранган автоинспектор кызматтан алынды

Жазылуу
Аны кызматтык иликтөө "Тартип уставын, жол кыймылынын эрежелерин, милициянын кесиптик этикасын бузган" деген жыйынтык чыгарган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Айдоочудан жол эрежесин бузган видеону элге жарыя кылбоону өтүнүп кечирим сураган автониспектор иштен бошотулду. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин интернетте жол инспектору эреже бузуп машина айдап бара жаткан видео тараган. Анда милиционер видеону тартып жаткан адамдан кечирим сурап, аны таратпай эле коюшун суранган. Анда милиция кызматкеринин жол чырактын кызыл түсүнө токтобой өтүп жана ылдамдыкты дагы ашыра айдаганы айтылган.

"Аксакал башым менен суранып жатам, видеону өчүрүп салчы", — деп суранган инспектор.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалыктан ал кызматкерге карата чара көрүлгөндүгүн кошумчалады.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коопсуз шаар: айдоочулар кайсы эрежени көп бузууда? Статистика
"Аталган видеоматериал боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Анда Тартип уставы, Жол кыймылынын эрежелери, милициянын кесиптик этикасы бузулгандыгы айтылды. Ысык-Көл облустук милициясынын прапорщиги, Ысык-Көл райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери болуп иштеген Ш.Н. аттуу автоинспектор кызматтан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан Ысык-Көл облусунда иштеген инспектордун үстүнөн кызматтык иликтөө башталганын билдиришкен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0