10:15 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Ак илбирстер

Баласын ээрчиткен илбирс жана улар. Фотокапканга түшкөн уникалдуу сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
Коом
Кыскача шилтеме алуу
882 0 0

Кадрга мадыл, тоо эчкилери жана түлкү да илинген.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева фотокапканга Кызыл китепке кирген жаныбарлар, анын ичинде улар менен илбирс да түшүп калганын айтты.

  • Снежные барсы, попавшие на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева фотокапканга Кызыл китепке кирген жаныбарлар, анын ичинде улар менен илбирс да түшүп калганын айтты
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
  • Снежные барсы попали на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Эсенбаева NABU-Кыргызстан мониторинг бөлүмүнүн жана "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери фотокапканга түшкөн жаңы маалыматтарды алышканын белгиледи
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
  • Куропатка попала на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3600 метрден 4200 метрге чейинки бийиктикте орнотулган
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
  • Козерог попал на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Ал парктын аймагында 2018-жылдын ноябрь айынан бери алты ай бою турган
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
  • Лиса попала на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Бул аралыкта кадрга Кызыл китепке кирген илбирс балдары менен, кыргыздар ыйык деп эсептеген улар, мадыл, тоо эчкилери, түлкү жана башка жапайы жандыктар түшкөн
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
  • Манул попал на фотоловушку в Государственном природном парке Хан-Тенири
    Анын айтымында, учурда илбирстердин санын идентификациялоо иштери жүрүп жатат.
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
1 / 6
© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева фотокапканга Кызыл китепке кирген жаныбарлар, анын ичинде улар менен илбирс да түшүп калганын айтты

Эсенбаева NABU-Кыргызстан мониторинг бөлүмүнүн жана "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери фотокапканга түшкөн жаңы маалыматтарды алышканын белгиледи.

"Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3600 метрден 4200 метрге чейинки бийиктикте орнотулган. Ал парктын аймагында 2018-жылдын ноябрь айынан бери алты ай бою турган. Бул аралыкта кадрга Кызыл китепке кирген илбирс балдары менен, кыргыздар ыйык деп эсептеген улар, мадыл, тоо эчкилери, түлкү жана башка жапайы жандыктар түшкөн", — деди Эсенбаева.

Анын айтымында, учурда илбирстердин санын идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Мониторингдеги бардык маалыматтар жапайы жандыктардын атайын күндөлүгүнө каттоого алынмакчы.

Ысык-Көлдүн тоолорунда видеого түшүп калган улардын видеосун да көрсөңүз болот.

Тема боюнча

"Алатай" паркындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү
Улар үнүн уккан барбы? Ысык-Көлдүн тоолорундагы камерага улар түшүп калды
Белгилер:
жаныбарлар, улар, илбирс, фотокапкан

ЭҢ МААНИЛҮҮ