13:46 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Мирный митинг против работ на урановом месторождений в Караколе

Уран иштетүүгө түбөлүк тыюу салынсын! Караколдогу митинг

© Sputnik
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Уран казууга каршы аракеттер (30)
243 0 0

Акция Алыкул Осмоновдун "Ата Журт" деген ыры менен башталып, Кыргызстанда уран таптакыр иштетилбесин деген пикирлер айтылды.

ЫСЫК-КӨЛ, 2-май— Sputnik. Каракол калаасында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бүгүн, 2-майда, "Кыргыз Республикасында уран иштетүүгө каршыбыз" деген ураан менен тынчтык митингге чыкты.

Акция классик акын Алыкул Осмоновдун "Ата Журт" деген ыры менен башталып, Кыргызстанда уран таптакыр иштетилбесин деген пикирлер айтылды.

  • Мирный митинг против работ на урановом месторождений в Караколе
    Каракол калаасында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бүгүн, 2-майда, "Кыргыз Республикасында уран иштетүүгө каршыбыз" деген ураан менен тынчтык митингге чыкты

    Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп келген компаниянын бардык лицензиялары кайтарылып алынсын деген талабын коюшту.
    © Sputnik
1 / 3

"Табигый таза азык-түлүктөрдү чыгарып, туризм тармагын жакшыртуу менен гана өлкөнү өнүктүрө алабыз", — дешти акциянын катышуучулары.

Алар ошондой эле уран иштетүүгө 5-10 жылдык мораторийдин кереги жоктугун жана уран казууга түбөлүк тыюу салуу зарылдыгын белгилешти.

Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрук берген. Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган.

Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок 25-апрелде Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген. Анткен менен кийинчерээк лицензия 27-апрелде артка кайтарылганы белгилүү болду.

Тема:
Уран казууга каршы аракеттер (30)

Тема боюнча

Бишкекте уран маселеси боюнча эки митинг өтүп жатат. Сүрөт
Уран чуусу: Балыкчыда митингге чыккандар эртең Бишкекте чогулмай болду. Видео
Уран лицензиясын Бороновдун сөзүнөн кийин эки күн өткөрүп кайтарып алышты
Белгилер:
митинг, уран, Каракол

ЭҢ МААНИЛҮҮ