Бир райондо 400 адам эмдөөдөн өткөн эмес. Себеби эмне?

© AFP / LUKAS SCHULZEВакцинация против кори
Вакцинация против кори - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери эмдөөдөн баш тарткан 6,5 миң учур болгон.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 400 адам диний көз карашына байланыштуу эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун акими Байыш Курманов билдирди.

Анын айтымында, бул багытта дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин башташты.

"Башында эмдөөдөн баш тарткандар 400гө жеткен. Кийин жамааттар түшүндүрүү иштерин аткарып, дары саюунун пайдасын айта баштагандан кийин алардын саны 30га азайып, 370ти түздү", — деди аким.

Жыл башынан бери эмдөөдөн баш тарткан 6,5 миң учур болгон. Ага диний көз караштар, дарынын сапатынан жана коопсуздугунан шектенүү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0