Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн иштейбиз! Жээнбеков Эмгек күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт
 Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-май — Эл аралык эмгек күнү.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдардын башын кошот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

Жээнбековдун куттуктоосу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

"Бул күнү жергебизди салтанат ээлеп, эмгекти, тилектештикти жана биримдикти даңазалайбыз. 1-Май майрамы — эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет. Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундун өрнөгүнө таазим кылабыз. Кийинки муун өлкөнүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз", — деп айтылат куттуктоодо.

Өлкө башчы кыргызстандыктарга күч-кубат, тынчтык жана албан ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0