Кыргызстанда диний билим берүү боюнча Жобо иштелип чыкты

© AFP / NOAH SEELAMИсламская религиозная школа в Индии
Исламская религиозная школа в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диний билим берүүнүн системасын тескеген негизги маселелер аталган документке киргизилди.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышын жакшыртуу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын жобо иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Гүлназ Исаева Булан институтунун "Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы" деп аталган конференциясында билдирди.

Анын айтымында, диний билим берүүнүн системасын тескеген негизги маселелер аталган документке киргизилди.

Азыр документ долбоор түрүндө турат.

"Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө" деп аталган Жобо жалпысына 14 бөлүмдөн турат.

Анын максаты — ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен кошо диний билим алуу укугун камсыз кылуу. Мында диний окуу жайлардын билим берүү жараяны боюнча мамлекеттик саясаттын принциптери, укуктук ченемдер белгиленмекчи. Жобону Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын эксперттер менен биргеликте иштеп чыккан.

Аталган конференцияда диний билимдин сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Диний окуу жайларды реформалоо боюнча кандай иш аткарылып жатканы, жетишкендиктер жана тоскоолдуктар талкууланды.

Конференцияга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, дин таануучулар, окутуучулар жана эксперттер катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0