Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанга дары-дармек кантип кирет? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары каражаттары өлкөгө киргизилип жатканда да текшерилип, эгер болсо терс таасири да иликтенет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Дары-дармек Кыргызстандын рыногуна кирер алдында бир нече этап менен текшерилет. Ал баскычтар тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары каражаттарын каттоо башкармалыгынын башкы адиси Асел Турдалиева айтып берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен коркунучтуу?" аттуу тегерек стол өттү.

Турдалиеванын айтымында, иш дары-дармекти каттоодон башталат.

"Дары каражатынын Кыргызстандын дарыканасына түшүшү үчүн аны алып келген адам досье, же дармектин сапаты, таасири, натыйжалуулугу тууралуу маалымат камтылган документ даярдашы керек. Досьеге болгон талап өлкөнүн мыйзамы менен каралган", — деди ал.

Андан кийин досье текшерилип, лабораториялык экспертизалар жүргүзүлөт. Эгер баары жайында болсо дарынын каттоодон өткөнү боюнча корутунду чыгат.

Теолог, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмдөө жана дин. Эксперт Маликов элди жаңылып калбоого чакырды
"Каттоо дары-дармектин рынокко чыгуусун жана дарылоодо пайдаланылышын шарттайт. Текшерүүнүн кийинки этабын дары каражаттарынын сапатын баалоо бөлүмү аткарат. Мурун бул процедура сертификация деп аталчу", — деди адис.

Турдалиева препараттардын ар бир партиясы дыкат көзөмөлдөн өтөрүн, мындан тышкары, рынокко чыккандан кийин да текшерилип турарын кошумчалады.

"Бизде дары-дармектин кошумча таасирин кароочу мониторинг системасы бар. Иш калк, дарыкана жана ооруканалар менен жүрөт. Эгер Дары-дармек менен камсыздоо департаментине препараттын башка таасирлери тууралуу маалымат түшсө, окуя анализденип, тиешелүү корутунду чыгарылат", — деди ал.

Адис дарынын сапатын текшерүү бекитилген схема менен жүрөрүнө токтолду.

2019-жылы вакцинага республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин сатып алууларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Дастан Уланбек уулу айтып берди.

"Министрлик дары каражаттарын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын негизинде ала баштады. Ага чейин бул процедура ЮНИСЕФ аркылуу өтчү", — деди ал.

Уланбек уулу бардык конкурска катышуу үчүн берилген билдирмелер баалоо этабынан өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0