Эмдөө жана дин. Эксперт Маликов элди жаңылып калбоого чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековТеолог, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов. Архив
Теолог, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү ислам динге ишенгендерди өз ден соолугуна кам көрүүгө чакырарын айтты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ислам динге ишенгендерди эмделүүсүнө тыюу салбайт. Бул тууралуу теолог, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйынында айтты.

30-апрелде "Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен коркунучтуу?" деп аталган темада тегерек стол болду.

Маликовдун айтымына караганда, атайын түшүндүрүү иштеринде (фатва) эмдөө боюнча так жана кыска, түшүнүктүү кылып баяндалган.

"Анда маанилүү делген эки шарт бар. Биринчиси — вакцинада мусулмандардын колдоосуна каршы келе турган компоненттер кездешпеши керек. Экинчиси — вакцинанын курамында тыюу салынган заттар болсо, бирок медицина анын башка жолу жок деп ишендирген учурда эмдөө алууга уруксат берилет", — деди ал.

Вакцинация детей против кори и краснухи в Банда-Ачехе - Sputnik Кыргызстан
Баланы кандай учурда эмдетүүгө болбойт. Дарыгердин түшүндүрмөсү
Муфтияттын түшүндүрүү бөлүмүнүн (фатва) адиси Бактияр Токтогазы уулу динге ишенгендер арасында вакцинация боюнча түшүндүрүү маселеси курч тургандыгын айтты.

"Көптөр динде мусулмандарга эмдөө жасатууга тыюу салынган деп ойлошот, бирок андай эмес. Фатвада исламдын ден соолукту сактоого чакырганы айтылат", — деп белгиледи ал.

Маликов маанилүү кадамдардын бири — дарылоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин айтты.

"Куранда адамдын өзүн өлүмгө алып келбеши туурасында айтылат. Аалымдар кеңеши элдин ден соолугун сактоого байланышкан маселени карап чыкмакчы. Кеп эмдөө туурасында гана эмес, сергек жашоо жөнүндө да болмокчу", — деди ал.

Теолог эмдөөдөн баш тартуунун себеби диний түшүнүктөн гана эмес, кээде вакцинанын сапатынан да шек жараткан имиштерден улам болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0