Митингчилерге каршы атайын каражаттар колдонулабы? Өкмөттүн жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн колдонулуучу каражаттардын тизмесин бекиткен.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тынчтык митингдеринин жана жыйындарынын катышуучуларына атайын каражаттар колдонулбай турганын өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин өкмөт массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн колдонулуучу каражаттардын тизмесин бекиткени айтылган.

Тизмеге желим таяктар, соккудан коргоочу костюмдар, желим ок атуучу мылтык (12 мм), металлдан жасалган калкан кирген.

"Атайын каражаттарды колдонуу тартиби өкмөт тарабынан эмес, тармактык күч структураларынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат", — дешти өкмөттөн.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары "митингге чыккандарга атайын каражаттар колдонулбайбы?" деген суроону узатып жатышкан.

Өкмөттөн маалымдашкандай, күч структураларынын бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингине чыккандарга каршы атайын каржаттарды колдонуу каралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0