04:22 26 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Тоо эчки. Архив

Эколог: Ала-Арчада кийиктердин жайылып жүрүшү кадыресе көрүнүш

© Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
187 0 0

Адис өзү да ушул эле капчыгайдан кийиктерди 50 метр аралыктан тартып алгандыгын айтып берди.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Ала-Арча" жаратылыш паркында тоо эчкилер менен тоо текелердин жайылып жүрүшү жана элден анча чочулабагандыгы кадимки эле көрүнүш. Бул туурасында NABU уюмунун Кыргызстандагы филиалынын адиси, эколог Аскат Мукабаев айтып берди.

Эске салсак, бир аз убакыт мурда бишкектик жашоочулар борбор калаадан бир нече саат аралыкта жайгашкан Ала-Арча капчыгайындагы тоолордон кийиктерди көргөн видеосу тараган.

Sputnik Кыргызстан видеодогу көрүнүштү тактоо үчүн NABU уюмунун адистерине кайрылган.

"Бул кадимки эле көрүнүш. "Ала-Арча" жаратылыш коругунда жапайы жаныбарлардын, алардын ичинен кийиктердин жайылып жүргөнүн көп эле көрүүгө болот. Видеодогу түрү — тоо эчкилер менен тоо текелер. Сүзүшүп жаткандары — текелер. Ал эми бул жаныбарлардын адамдардан чочулабастыгы аталган коруктун жакшы иштеринин бири деп баалоого болот. Демек, кызматкерлер жакшылап көз салып, браконьерлердин аңчылык кылуусуна жол бербейт", — деди Мукабаев.

Адис өзү да ушул эле капчыгайдан кийиктерди 50 метр жакындан тартып алгандыгын, анда да кишиден чочулабай, ээн-эркин жайылып жүргөндүгүн айтты.

"Биз чет элдик — Англия, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Кытайдан келген адистерге да адамдарга жакын оттоп жүрө берерин ушул жерден көрсөткөнбүз. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, бардык эле жаратылыш коруктарында мындай көрүнүш кездеше бербейт", — деди ал.

Адатта кийиктер адамдын жытын бир нече жүз метрден сезип, адамзатты жанына жакын жолотпойт.

Буга чейин NABU Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыяланган.

Тема боюнча

Буларды күнүгө көрө бербейбиз. Фотокапканга түшкөн Кыргызстандагы жаныбарлар
Белгилер:
тоо теке, Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU), Ала-Арча капчыгайы, Чүй облусу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ