01:37 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө

Бишкекте уран маселеси боюнча эки митинг өтүп жатат. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Уран казууга каршы аракеттер (29)
149 0 0

Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өткөн.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө.

  • Митингующие на площади Ала-Тоо против работ на урановом месторождений в Иссык-Кульской области
    Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митингующие на площади Ала-Тоо против работ на урановом месторождений в Иссык-Кульской области
    Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтында уюштурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митингующие на площади Ала-Тоо против работ на урановом месторождений в Иссык-Кульской области
    Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митингующие на площади Ала-Тоо против работ на урановом месторождений в Иссык-Кульской области
    Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө

Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтында уюштурду. Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок.

Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө.

Алардын талаптары — Ысык-Көл облусунда жана бүтүндөй Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу.

Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрук берген. Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган. Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок, 25-апрелде, Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген. Анткен менен кийинчерээк лицензия 27-апрелде артка кайтарылганы белгилүү болду.

Тема:
Уран казууга каршы аракеттер (29)

Тема боюнча

Уран чуусу: Балыкчыда митингге чыккандар эртең Бишкекте чогулмай болду. Видео
Уран лицензиясын Бороновдун сөзүнөн кийин эки күн өткөрүп кайтарып алышты
Белгилер:
кен, уран, митинг, Бишкек, Ысык-Көл облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ