Чүчкүртүп-бышкыртып кыйнаган аллергия башталдыбы? Дарыгерден 8 кеңеш

© AFP / PHILIPPE HUGUENСейилдеп жүргөн аял. Архив
Сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врачтар аллергиянын адамды ар куракта тооруй турганын айтат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жагымсыз белгилердин өрчүп кетишинин алдын алуу, эгер кадимки эле чаң же жактырган жемишиңиз кыйноого салса, абалды жеңилдетүүнүн жолу кандай экенине кызыгып көрдү.

Бишкектиктердин көпчүлүгү көктөм келгенде тоого чыгууну, кызыл-тазыл гүлгө оронгон жаратылышка суктанууну кыялдана баштайт, бирок аллергиядан азап тарткандар мезгилдин жыргалын толук тата албай калат. Поллиноз менен астмадан кантип сактануу зарыл? Булганыч аба өлкөбүздөгү аллергиядан жапа чеккендердин санын арттырабы? Жагымсыз белгилерди жеңилдетүүнүн жолу кандай? Ушул жана башка соболдорго врач-аллерголог, медицина илимдеринин доктору Талант Төлөгөнов жана КММАнын хирургу, нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын ассистенти Улугбек Жоомартов жооп берди.

— Кыргызстандыктар аллергиянын кайсы түрүнөн көп азап тартышат?

Талант Төлөгөнов: — Биринчи орунда организмдин чаңга карата реакциясына байланышкан поллиноз жана аллергиялык ринит өңдүү пайда болгон оорулар турат. Ошондой эле борбор калаанын көпчүлүк тургундары ар кандай оордуктагы бронхиалдык астмадан кыйналышат.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарысы эркектин бел суусуна таасир этет. Кызыл жүгүрүк дарты тууралуу маек
Бишкектиктер Квинке, бөрү жатыш, аллергиялык дерматоз сымал тери ооруларынан көп жапа чегишет. Акыркысы көбүнесе тамак-аш, дары-дармек, атыр, тазалоочу каражаттарга болгон организмдин реакциясынан улам пайда болот. Балдарда да атопиялык формадагы, башкача айтканда, тукум кууган дерматит көп кездешет. Баса, шаардыктардын күнгө да аллергиясы бар.

— Мындай оору да тукум кууйбу?

Т.Т.: — Аллергияга жакындыктын эне тараптан берилиши 37, ата жактан өтүшү 33 пайызды түзөт. Бирок тукумунда аллергиядан азап тарткандардын жоктугу деле сизди кайсы бир азыкка же маселен чаңчага адаттан тыш реакциянын жаралышынан сактай албайт. Ар бир адамдын организми ар бөлөк, аллергия ар куракта: 10 жашында да, 20сында да башталышы ыктымал.

Бизге май куюучу жайларда же тазалоочу каражаттар сатылган дүкөндө бир топ жыл иштегендер көп кайрылышат. Башта эч белгиси байкалбайт, бирок беш жыл өткөн соң мурда эч таасир этпеген эле заттар аллергия кыла баштайт. Бул организмдин ар кандай козгоочуларга сезимтал боло баштаганын билдирет.

— Аллергия белгилерин кантип жеңилдетүүгө болот?

Т.Т.: — Поллиноз, мезгилдик ринит, астма жана дерматиттен кыйналгандар азык жана тиричилик каражаттарына карата аллергиялык текшерүүдөн кышкысын өтүүсү зарыл, андан соң врач өзүнчө бир иммундук дарылоону жазат. Анын узактыгы аллергиянын түрүнө жараша. Поллиноз жана риниттен жапа чеккендерди дарылоо 5-6 баскычка уланса, тери оорулары үчүн 8-10, ал эми астма 10-12 этапка созулат.

Детский гинеколог Диля Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Эгер мындай иммундук дарылоодон өтсөңүз, аллергиянын жанды эзген белгилери сизди жайкысын жадатпайт.

Эгер жагымсыз белгилерин байкасаңыз, маселен, мурун бүтүп же көз ооруса (конъюнктивит) организмди тазалоо керек. Мындай убакта врачтар адамдын салмагына карата ченемде абсорбенттерди — көбүнесе активдештирилген көмүрдү сунуштайт. Ошондой эле дарылоого аллергияга каршы каражаттар да кирет, алар анын түрүнө жана белгилердин оордугуна жараша тандалат.

— Аллергиядан адам өзүн жана балдарын кантип коргой алат?

Улугбек Жоомартов: — Ата-энелер сыркоолой түшкөн балага антибиотик ичиришет, алар али түптөлө элек иммундук тутумга сокку урат. Кичине баланын организми сырттан кирген затка башкача реакция кылат.

Балдарга бир эле азыкты ал канчалык жакшы көрсө да тоё жедирбеш керек. Мисалы, цитрус же таттууну ашкере жеп алса, ал иммундук тутумдун ишине таасир этип, күтүлбөгөн реакцияны жаратышы ыктымал.

Ачык абада, чаң жок, гүлдөбөгөн жерде — көл же көлмөгө жакын көп жүрүү зарыл, андай жактарда белок нымды сиңирип, абада калкыбайт. Өтүшүп кетпеши үчүн бөлмөнү улам желдетип туруу зарыл. Аллергияны басаңдатуу үчүн туздуу шахталарга барып дем алуу пайдалуу.

— Жыл сайын аллергиядан азап тарткан кыргызстандыктардын саны арбып баратканы чынбы? Буга борбор калаадагы терс экологиялык кырдаал таасир этиши мүмкүнбү?

Деятельность Республиканского ожогового центра - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Т.Т.: — Ооба, айрыкча соңку убакта көбөйдү. Булганган аба жана чаң астма бейтаптарынын, чоң же кичинесине карабай демин кыстыктырат. Мурда сыркоологондордо мынчалык күчтүү реакция болчу эмес. Жыл өткөн сайын унаа түтүндөрүнөн кыйналган астматиктердин саны өстү.

70-жылдарды эстесеңиз, көчөдө азыркыдан он эсе аз унаа жүрчү. Ушул тапта Бишкектин көчөлөрүндө автомобилдер кескин көбөйдү, анан алардан чыккан түтүндү элестетип көрүңүз. Бишкектиктер түтүндүү аба менен дем алып жатышат, алар организмди аллергияны козгоочуларга аябай сезимтал кылып, тез пайда кылат. Аба канчалык булганч болсо, аллергия адамды ошончолук кыйнайт.

— Чаң же унаа түтүнүнө аллергиялык реакциядан сактануу үчүн эмне кылуу зарыл?

У.Ж.: — Эгер туура колдонсоңуз, чаңдан кадимки респиратордук же медициналык марля бет кабы сактайт. Марля бет кабын ар эки саатта, респиратордук бет капты ар төрт саатта алмаштыруу шарт. Бирок бул ашкере шектене берүүгө себеп эмес, баары бир биздин организм чаңга көнүп калган.

— Кайсы зат менин организмимде аллергиялык реакцияны козгой турганын кантип аныктоого болот?

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
Т.Т.: — Бейтаптын дал эмнеге аллергиясы бар экендигин аныктоо үчүн врач анын терисине проба коет. Адатта бул кышкысын, 1-ноябрдан 20-мартка чейинки маалда жасалат. Процедурада потенциалдуу козгоочудан эң аз өлчөмдө коет, ал организмдин кескин реакциясын жаратпайт.

— Аллергияны дарылабай койсочу? Эмне болушу мүмкүн?

Т.Т.: — Эгер эч кандай чара көрүлбөсө, мезгилдик аллергия астмага өтүшүп кетет. Дерматоз жана дерматит бейтаптарында Квинке шишиги пайда болуп, эгер дарыланбаса, бейтап каза болуп калышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0