01:42 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөөдөн кийин Ала-Тоо аянтында эл дээрлик таштанды калтырган жок

Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
573 0 0

Шаар боюнча 6 тонна таштанды топтолгон.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөөдөн кийин "Ала-Тоо" аянтында эл дээрлик таштанды калтырган жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Уборка мусора на площади Ала-Тоо после празднования 141-летия Бишкека
    Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөөдөн кийин "Ала-Тоо" аянтында эл дээрлик таштанды калтырган жок
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Уборка мусора на площади Ала-Тоо после празднования 141-летия Бишкека
    Маалыматка караганда, дээрлик бардык шаардыктар менен коноктор таштандыны жерге таштабай атайын урналарга салышкан.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөөдөн кийин "Ала-Тоо" аянтында эл дээрлик таштанды калтырган жок

Маалыматка караганда, дээрлик бардык шаардыктар менен коноктор таштандыны жерге таштабай атайын урналарга салышкан.

"Таштанды тазалоо үчүн "Тазалыктын" 60 кызматкери менен 7 атайын техника иштеди. Аянттын бардык жагына таштанды челектер орнотулган. Мындан сырткары, кошумча 40 желим контейнер менен 8 евроконтейнер коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, калаанын бардык жагында "Тазалык" кызматкерлери иштеп, жалпы алты тонна таштанды топтолгон.

Белгилей кетсек, былтыр 21-мартта өткөн Нооруз майрамынан кийин борбордук аянттан 11 тонна таштанды чыккан.

Тема боюнча

Нооруз майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 11 тонна таштанды чыкты
Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишине эс алуучу аянтча курулууда. Эскиз
Белгилер:
Бишкек мэриясы, таштанды, майрам, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ