12:14 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов. Архив

ЖК депутаты Бишкекке өзгөчө белек жасады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ЖК
Коом
Кыскача шилтеме алуу
33210

Кечээ күнү шаардыктар Бишкектин 141 жылдыгын белгилешти.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Бишкек шаарына жыгачтан жасалган 1 сомдук монета белек кылды.

Инсталляциянын сүрөтүн парламентарий өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү. Монета Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүндөгү куранттын алдына коюлду.

Турускуловдун айтымында, калаанын жаштары селфи жасоо үчүн өзгөчө жерлерди издешет. Ал эми бул инсталляция сүрөткө түшүү үчүн жакшы жер болуп бермекчи. Конструкцияга "Бир сом жүз тыйындан куралат" деп жазылган.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрелде, шаар тургундары Бишкектин 141 жылдыгын белгилешти.

Тема боюнча

Өкмөттүн ишине бир депутаттын ичи чыкпай калды. Ал ким?
Белгилер:
инсталляция, Жогорку Кеңеш, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ