Бишкектеги майрамда жоголгон 14 бала ата-энелерине кайтарылды

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-апрелде кечинде борбордук аянтта Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди.

БИШКЕК, 30-апр. - Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык концерт учурунда жалпысынан 14 бала жоголуп, баары тең ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленип, ал чет элдик жана атамекендик ырчылардын майрамдык концерти менен коштолду. Саат 19:00дө башталган концерт 22:30да аяктап, фейерверк менен жыйынтыкталды.

"Жоголгон 14 өспүрүм ата-энесине тапшырылды. Учурда жоголгон балдар жок", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаардык милиция концерт учурунда беш бала жоголуп, аларды бардыгы ата-энесине тапшырылганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0