Улуттук банк шаардыктарды музейин көрүп кетүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба НБКРУлуттук банктын музейи. Архивное фото
Улуттук банктын музейи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык кызыккан адамдар барып көрө алат, чектөө коюлган эмес.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Эл аралык музей күнүнө карата Улуттук банктын музейинде Ачык эшик күнү өтөрүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 17-май күнү саат 10.00дөн 16.00гө чейин болот. Бардык кызыккан адамдар барып көрө алат, чектөө коюлган эмес.

"Музейге келгендер улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкнота кандай жасала тургандыгы жөнүндө маалымат ала алат. Аны менен катар Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле музейде Улуттук банк тарабынан 25 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Музейге кирүү акысыз, ар бир жаран өздүгүн тастыктаган документи (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0