Ата-энеси таенесинен "сатып алган" Сатыбалды Далбаев тууралуу 7 факты

Жазылуу
Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, "Манас" ордени, "Даңк" медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды.

82 жашка чейин театрга кызмат кылып, өмүрүн, жашоосун чыгармачылыкка арнаган инсан, театр корифейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги фактыларды топтоду.

Актерду ата-энеси таенесинен "сатып алган". Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында туулган. 7-класска чейин айылдагы мектепте билим алып, андан кийин окуусун Жалал-Абад облусундагы мектеп-интернатында уланткан. Далбаев көзү тирүү кезинде жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ысымынын таржымалын төмөнкүчө баяндаган: "Апам удаа-удаа төрөп балдары бат эле чарчап кала берчү экен. Мен төрөлгөндө "ымыркайыбыз аман-эсен торолуп кетсин, өмүрү узун болсун" деген ой менен мени таенемен сатып алдык деп ысымымды Сатыбалды коюшуптур", — деген.

Дарыгер болмок... Интернатты аяктаган соң Далбаев Фрунзеге мединститутка тапшырганы келет. Ал ортодо жолдош балдары Москвадагы театралдык окуу жайга атайын комиссия сынак өткөрүп жатканын айтышып, Далбаевге күчүн сынап көрүүнү сунушташат. Далбаев экзаменге катышып, Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институтуна өтүп кетет. Аталган окуу жайда беш жыл билим алып, кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойногон.

Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар
Театрдан тапкан сүйүүсү. Сатыбалды Далбаев менен өмүрлүк жары Мираида Далбаеваны театр табыштырган. Сүйүү баяны тууралуу жубайлар теле, радио, гезиттерге көп эле маек беришкен. Маркум Далбаев өмүрлүк жубайына жолуккан күнүн төмөнкүчө эскерген: "Москвадан окууну жаңы бүтүп келген кезим. Театрда "Курманбек" спектаклине даярданып, фойеде кылыч менен чабышып даярдык көрүп жатсак эле эшиктен Мира кирип келди. Чачы түйүлгөн, жакшынакай, оор басырыктуу... Дароо эле көзгө урунуп, ичимде башкача сезимдер пайда боло түштү. Көрсө, ал кезде Мираида дагы театрга жаңыдан аралаша баштаган кези экен. Экөөбүз 7 айга чукул кол кармашып, кыз-жигит болуп жүрдүк. Бир күнү театрдын Муратбек Рыскулов баш болгон дөө-шаа агаларым "Мира менен сүйлөшүп жүрөсүңбү?" деп сурады. "Ооба" деп жооп берсем эле "Кечиктирбей эртерээк үйлөн, башкалар ала качып кетпесин" дешти. Кыштын кыраан чилдеси, 5-январь болчу. Мираны жашаган үйүбүзгө конокко чакырып же жасаган дасторкон жок эле баш кошуп алганбыз. Үлпөт тоюбуз 20-январда болгон. Шаарда туугандарыбыз деле жок, Ашыр Чокубаевдин атасы бир жылкысын союп, башкалары дасторконун жасап, тоюбуз театрдын фойесинде өткөн".

Володя Ульянов, Ленин — Далбаевдин топ жарган ролдору. Театрда жарым кылымдан ашык эмгектенген Сатыбалды Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган спектаклдердин көбүндө роль жараткан. Болгондо да баш каармандарды ойногон. Анын театрдагы дебюту Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Кычан" спектаклиндеги Кычандын ролу болгон. Мындан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын негизиндеги спектаклде Жайнактын, "Жамийлада" Сейиттин, Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Жакыптын ролун ийине жеткире ойногон. Ага атак-даңк алып келип, талантын ого бетер ачкан ролдору Игорь Поповдун "Үй-бүлөсүндө" Володя Ульяновдун образы жана Кубанычбек Маликовдун "Бийик жерде" драмасында Темирдин жана Владимир Ильич Лениндин ролу болгон. Дал ушул ролдору үчүн актер шаардан беш бөлмөлүү үй алып, ошол учурда өлкө башкарып турган Турдакун Усубалиевдин мактоосуна татыган.

Народный поэт республики Тенти Адышева - Sputnik Кыргызстан
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты
82 жашка чейин театрда кызмат кылган. КР эл артисти Марат Алышпаев Сатыбалды Далбаев чыйрак адам экенин айтып, 82 жашка чейин театрда иштегенин эскерди. "Эртең менен таң атпай туруп Ататүрк атындагы паркта чуркап, басып, сейилдечү. Өзүн аябай жакшы карачу. Көп жыл Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Жакыптын ролун ойноду. Бексултан Жакиевдин "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" спектаклинде абышканын ролун мыкты аткарган. Бул образды 20 жылдай ойноду. Акыркы ролдорунун бири болду", — деди Алышпаев.

Сыйлыктары. 1970-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын алган, 1970-жылы "Лениндин 100 жылдыгы" медалы, "Эмгек Кызыл Туу" ордени, КР Ардак грамотасы менен сыйланган. КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. 1995-жылы "Манас-1000" медалы, "Манас" орденине татыган. 2008-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Балдары. Таланттуу жубайлар эки кыз, бир уулдуу болушкан. Улуу кызы Айнура учурда Лондондо жашайт. Үчөө тең чыгармачылыктан алыс, башка тармактарда эмгектенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0