КМШнын аэронавигация боюнча провайдерлери Душанбеде жолукту

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүМеждународный авиасалон "Ле Бурже-2017"
Международный авиасалон Ле Бурже-2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын ишине сегиз мамлекеттин аэронавигациялык ишканаларынын 50гө чукул өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. КМШнын аэронавигация боюнча тейлеген провайдерлеринин башын бириктирген «Евразия» деп аталган эксперттердин координациялык тобу жана Координациялык кеңешинин 36-жыйыны Душанбе шаарында өттү.

Жыйындын ишине аэронавигациялык ишканалардын 50гө чукул өкүлдөрү Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан катышты. Мындан сырткары аэронавигациялык өнөр жайдын, Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциациясы,

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин өкүлдөрү келди.

Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган Стамбул аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту жабылып, жаңысы толук ишке кирди. Видео
Иш-чаранын жүрүшүндө "Евразия" Координациялык кеңеши алты ай ичинде аталган ишканаларынын ишмердүүлүгү боюнча жетекчилеринин, Координациялык топтун эксперттеринин отчётторун укту. Андан сырткары бул тармакта өз ара иштешүүнүн техникалык маселелери талкууланды.

"Госкорпорация по ОрВД" жетекчиси Игорь Моисеенко ОрВД мамлекеттик корпорациясынын ишмердүүлүгү боюнча доклад окуп, Россиянын аба айдыңында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча аба кыймылдарынын көлөмүнүн көбөйгөндүгүн айтып берди. Андан сырткары аба кыймылдары жаатында борбордун ирилештирүү боюнча программасынын ийгиликтүү ишке ашкандыгын белгиледи. Мындан сырткары Тюмень жана Екатеринбургдагы ОрВДнын ишке кирген Бирдиктүү системасын да эске сала кетти. Андан сырткары Красноярскиде өткөн XXIX дүйнөлүк кышкы Универсиаданы өткөрүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Делегаттар менен коноктор иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын айтышып, мамлекеттик унитардык «Тажикаэронавигация» ишканасына ыраазылыгын билдиришти.

Ал эми келерки 37-жыйын Казакстанда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0