Бишкектеги концерт учурунда беш бала жоголду

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы концерт. Архив
Ала-Тоо аянтындагы концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт өтүүдө

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектеги майрамдык концерт учурунда беш бала жоголду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, укук коргоо органдары жоголгон бардык балдардын ата-энесин таап, тапшырып берген. ШИИБдин маалымат кызматы учурда жоголгон балдар жок деп ишендирди. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жоголгон балдар болсо ыкчам аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 141 жылдыгына борбор калаага "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0