14:45 15 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4846
  • RUB1.0834
Идишке суу толтуруп жаткан аял. Архив

Орозого тиешеси жок! Ысык суунун өчүрүлүшүнүн себеби айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
254 0 0

Ремонт жумуштары кийинки жылытуу сезонуна карата октябрь айына чейин жасалат.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Бишкекте ысык суунун өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин мэрия борбор калаада ысык суу 6-майдан 6-июнга чейин өчүрүлөрүн билдирген. Алдын ала маалымат боюнча дал ушул күнү орозо башталат. Былтыр 21-майда ысык суу берүү убактылуу токтотулган. Анда соцтармактын колдонуучулары орозо айында суунун өчүрүлүшүнө нааразы болушкан.

Айдаралиеванын айтымында, суу өчкөн маалда күн куйкалабай, салкын болот.

"Май айы — жылуулук пунктуларынын ичин оңдоого абдан ыңгайлуу учур. Күн ысып кетсе, ал жакта иштөө өтө оор. Жылуулук трассаларын жана жабдууларды карап чыккандан кийин тийиштүү иштердин көлөмү аныкталат. Ушул мониторингдин натыйжасында иштер жүргүзүлөт", — деди ал.

Айдаралиева оңдоо иштери ысык суу берилгенден кийин деле улана берерин кошумчалады.

"Бул иштер менен кийинки жылуулук сезонуна даярдык көрөбүз. Октябрь айына чейин уланат, мөөнөттү өзгөртүү мүмкүн эмес, анткени бул технологиялык процесс. "Бишкекжылуулуктармагы" кышкы суукта бардык жабдуу так иштеши үчүн болгон аракетин көрүүдө", — деди маалымат катчы.

Анын айтымында, ысык суунун өчүрүлүшү пландык иш-чаралардын графиги менен гана байланыштуу, Орозо айына эч кандай тиешеси жок.

Тема боюнча

Бишкекте ысык суу качан өчөрү айтылды
Белгилер:
жылуулук, трасса, ремонт, Тагжана Айдаралиева, ысык суу

ЭҢ МААНИЛҮҮ